2024-жылдын 1-ноябрында Борбордук “Ала-Тоо” аянтында Кылым баскан кыргыз милициясынын 100 жылдык мааракесине карата парад болуп өттү.

Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президенти – Куралдуу Күчтөрдүн Башкы колбашчысы Садыр Жапаров, Ички иштер министрлигинин өздүк курамы, генералдары, ардагерлери, кызматкерлердин үй-бүлөлөрү жана шаар тургундары катышышты.

Маараке кыргыз милициясынын түптөлгөндөн өнүгүү жолуна чейинки басып өткөн жолун чагылдырган сахналаштырылган сценка, документалдык фильм, ИИМдин өздүк курамынын жана автоунаалардын парады менен коштолду.

Аталган парадда ИИМдин Академиясынын курсанттары жана кызматкерлери окуу жайдын башчысы милициянын генерал-майору Тариель Абитовдун жетекчилиги менен салтанаттуу басып өттү.

Ошондой эле ИИМдин айымдарынын параддык эсебинде Академиянын курсант кыздары катышып, аны ИИМдин Академиясынын уюштуруу социалдык жана тарбия иштери боюнча бөлүмчөсүнүн тескөөчүсү милициянын подполковниги Асель Садиева алып өттү.