Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Э.А.Алиев атындагы Академиясынын 55жылдыгына карата окуу жайдын кызматкерлери, курсанттары, студенттери жана угуучулары арасында МЫКТЫ УРААН, МЫКТЫ ЛОГОТИП чыгармачылык сынагы жарыяланат.
Сынактын максаты – ИИМдин Академиясынын 55жылдык мааракесин белгилөө, өздүк курамдын чыгармачылык активдүүлүгүнө дем берүү жана Академиянын позитивдүү имиджин түзүү.
Ураандын негизи:
Кыска-нуска;
ИИМдин Академиясынын негизги баалуулуктарын чагылдыра алган;
Кыргызстанда белгилүү илимдин, адабияттын же искусствонун чыгармаларынын аталышы же цитаталары менен дал келбеши керек;
Башка окуу жайлардын, мекемелердин ураандары кайталанбашы керек
Сиздерден ИИМдин Академиясынын урааны боло турган жаркын жана эсте каларлык ураандарды күтөбүз.
Логотипти жасоодо “55” санына маани берүү керек, ошондой эле Ички иштер министрлигинин, Академиянын жана билим берүүнүн символодорунун элементтерин камтып кетүүгө болот.
Эскиздер кагаз бетинде (А4 форматында) жана электрондук вариантта мүнөздөмөсү менен кабыл алынат.
Бардыгыңыздарды активдүү катышууга чакырабыз.
Материалдар iima2000@mail.ru электрондук дарегине, 2024-жылдын 8-апрелине чейин жөнөтүлүшү керек. Көрсөтүлгөн мөөнөттөн кийин жөнөтүлгөн материлдар каралбайт!
Сынактын жеңүүчүлөрү өздүк делосуна жазуу сыйлоосуна жана баалуу белектер менен сыйланат.
Суроолор боюнча Жалпыга маалымдоо каражаттары менен иштөө боюнча тобуна кайрылыңыздар (кабинет 018) Ватсап +996700662668