Бүгүн, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын саптык аянтында спорттогу жетишкендиктери үчүн бир катар кызматкерлерге жана курсанттарга сыйлыктар тапшырылды. Эскерте кетсек, 2023-жылдын 13–февралынан 27–февралына чейин Бишкек шаарында болуп өткөн “Ден соолук-2023” Спартакиадасына Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын курама командалары катышып, төмөндөгүдөй жыйынтыктарга ээ болушкан:
Стол үстүндөгү теннис боюнча аялдар арасында жалпы командалык эсепте 2-орун
– милициянын полковниги, Джоробекова А.М.;
– милициянын капитаны Абдылдаева Н.
Стол үстүндөгү теннис боюнча экектер арасында жалпы командалык эсепте 2-орун
– милициянын полковниги, Садабаев С.;
– милициянын полковниги Азимов Н.
Ордо боюнча жалпы командалык эсепте 1-орун
– милициянын полковниги Камчыбеков Н.;
– милициянын подполковниги Жаналыев Б.;
– милициянын майору Асанбеков Н.;
– милициянын майору Иргебаев У.;
– милициянын майору Сыдыгалиев Р.;
– милициянын майору Абдыкеримов Э.;
– милициянын кенже лейтенанты Беккелди уулу Б.
Шахмат боюнча аялдар арасында командалык эсеп 2 – орун
– милициянын подполковниги Жорготаева Н.
– милициянын подполковниги Орозбаева К.
Стритбол боюнча 45 жаштан жогору 3- орун
– милициянын полковниги Жумабеков С.
– милициянын полковниги Кулсариев А.
– милициянын полковниги Исмаилов Р.
– милициянын подполковниги Сатувалдиева З.
Стрибол боюнча 45 жашка чейин 3-орун
– милициянын майору Солянник Д.;
– милицянын улук лейтенанты Эмилбеков С.;
– милициянын сержанты Зарылбеков М.;
– милициянын майору Шпед Н.;
2023-жылдын 24-февралынан 26-февралына чейин Ысык-Кел облусунда өткөрүлгөн каратэ-до боюнча мелдешке, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын 1- курсунун курсанты, милициянын катардагысы Шаршенбек кызы Нурзада катышып, 1 – орун ээлеген.
2023-жылдын 17-февралынан 20-февралына чейин Бишкек шаарында “Алыш” күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын биринчилиги өткөрүлгөн. Аталган мелдешке ИИМдин Академиясынын 2-курсунун курсанты, милициянын катардагысы Дастан кызы Айгиза катышып, 65 кг.салмакта 2 – орун ээлеген.
2022 – жылдын жыйынтыгы менен Ысык-Көл облусунун “Жылдын мыкты спортчусу” номинациясын алгандыгы үчүн ИИМдин Академиясынын 2-курсунун курсанты, милициянын катардагысы Адылбекова Гулина 3000 сом акчалай сыйлык менен сыйланган.