2026-жылдын 12-июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Болот Ибрагимов Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Эргеш Алиев атындагы Академиясына барды. Аны Ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Адылбек Бийбосунов коштоп жүрдү.

Болот Ибрагимов окуу жайдын ишмердүүлүгү жана анын материалдык-техникалык базасы менен таанышты. Ал китепкана, музей, ашкана, окуу аудиторияларын, компьютердик класстарды, ошондой эле практикалык сабактарды өткөрүүгө арналган адистештирилген окуу кабинеттерин кыдырды.

Иш-чарада конокко жаңыланган телестудия, тир, саптык аянтча, ошондой эле жакында курулуп, пайдаланууга берилген футбол аянтчасы жана воркаут аянтчасы көрсөтүлдү.

Академиянын башчысы Азамат Ногойбаев окуу жайда жүргүзүлүп жаткан өзгөрүүлөр тууралуу кеңири маалымат берди. Ал курсанттардын сапаттуу билимин камсыз кылуу жана аларды ар тараптуу даярдоо максатында материалдык-техникалык базаны бекемдөө, заманбап технологияларды киргизүү жана окуу шарттарын жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

Болот Ибрагимов Академиянын курсанттарынын алдында өлкөнүн коопсуздугун, мыйзамдуулукту жана коомдук тартипти камсыз кылуу боюнча жоопкерчиликтүү милдет турганын баса белгиледи. Ушуга байланыштуу алардын сапаттуу даярдыгы жана кесиптик өнүгүүсү үчүн бардык шарттарды түзүү зарылдыгы айтылды.

Ал ошондой эле Академияны мындан ары өнүктүрүүгө жана ички иштер органдарынын келечектеги кызматкерлерин даярдоо системасын өркүндөтүүгө багытталган демилгелерди колдоого даяр экенин белгиледи.

Leave a Reply