ИИМдин Академиясынын курсанттары үчүн ЖМК менен иштөө тобунун тескөөчүсү милициянын улук лейтенанты Рахат Саламатова тарабынан камера алдында сүйлөө жана жарандар менен иш алып баруу багытында сабак өткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө жарандар менен сылык мамиледе болуу, мамлекеттик кызматкердин этикасын сактоо, ойду так жана туура жеткирүү, ошондой эле камера алдында өзүн ишенимдүү алып жүрүү боюнча практикалык түшүндүрмөлөр берилди.
Мындан тышкары, жарандар менен байланыш түзүүдө кызматтык маданиятты жогорулатуу, эл үчүн кызмат кылуу принциптери жана коомчулуктун ишенимин арттыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Белгилей кетсек, мындай иш-чаралар курсанттардын кесиптик даярдыгын жогорулатуу максатында өткөрүлүп келет.