2025-жылдын 6–8-ноябрь күндөрү Түркия Республикасынын Невшехир шаарында Эл аралык полиция академиялары биримдигинин (INTERPA) 14-конференциясынын кезектеги отуруму болуп өттү.

Бул маанилүү иш-чара “Киберкылмыштуулукка каршы күрөшүүдө өнүгүү стратегиялары: санариптик доордо укук коргоо органдары” темасында уюштурулду.

Конференциянын ишине дүйнөнүн 41 өлкөсүнөн келген 125 өкүл катышып, киберкылмыштар менен күрөшүүдө эл аралык кызматташтыкты чыңдоо, жаңы ыкмаларды киргизүү жана укук коргоо органдарынын санариптик мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин делегациясы да аталган эл аралык жыйынга катышты.

Делегациянын курамында:

🔹Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын башчысы, милициянын полковниги Азамат Ногойбаев

🔹ИИМдин Академиясынын бөлүм башчысы, милициянын полковниги Кубанычбек Абдырахманов

🔹ИИМдин КИББнын 6-башкармалыгынын ыкчам өкүлү, милициянын майору Даниель Акимжан болду.

Бул иш-чара киберкылмыштуулукка каршы күрөштө эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө жана укук коргоо академияларынын өз ара байланыштарын чыңдоого өбөлгө түздү.

Leave a Reply