Быйыл Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңишке 80 жыл толуп, мурдагы СССР өлкөлөрүндө кызуу даярдыктар көрүлүп, майрам алдында бир топ иш-чаралар өткөрүлүп жатат.
Жеңиш алып келген, жеңишке жетүүгө зор салымын кошкон аталарга, апаларга урмат сый көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын башчысы милициянын полковниги Азамат Ногойбаев баш болгон кызматкерлер жана курсанттар тылда кызмат өтөгөн ардагерлердин үйлөрүнө барып куттуктап, маектешип, көңүлдөрүн көтөрүп келишти.
Бишкек шаарында жашаган ардагерлер 1926-жылы туулган Лидия Зазулинага, 1931-жылы туулган Алтыбай Назаркуловго жана 1926-жылы туулган Турду Темирбековага 80 жыл мурун азыркы келечек үчүн жумшаган эмгектери үчүн ыраазычылыктарын билдирип, бекем ден соолук жана бакубат өмүр каалап, белектерин жана акчалай сыйлыктарын тапшырышты.
Өз кезегинде ардагерлер кызматкерлерге жана курсанттарга кең келечек каалап, дүйнөдө тынчтык болушун тилеп, баталарын беришти