🔷2025-жылдын 1-апрелинде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясында Бишкектеги ЕККУнун Программалык кеңсесинин полиция маселелери боюнча кеңешчиси Милица Иванова менен жолугушуу болуп өттү.

🔷Иш-чара ИИМдин түзүмдөрүнүн жетекчилери менен кызматташтыкты өнүктүрүү максатында пландалган жолугушуулардын алкагында уюштурулган.

🔷ИИМдин Академиясынын башчысы, Азамат Ногойбаев делегаттар менен жолугуп, окуу жай тууралуу маалымат берди.

🔷Бишкектеги ЕККУнун Программалык кеңсесинин полиция маселелери боюнча кеңешчи Милица Иванова башында турган делегация ИИМдин Академиясынын ишмердүүлүгү менен таанышып, Академиянын музейин, кылмыштуулукту иликтөөнү криминалистикалык камсыздоо жана киберкоопсуздук борбору жана башка түзүмдүк бөлүмдөрдү көрүп чыгышты.

🔷Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар укук коргоо органдарынын кызматкерлерин даярдоо маселелерин, алардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу жана заманбап окутуу методикаларын ишке киргизүү боюнча кызматташууну талкуулашты.

🔷Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Бишкектеги ЕККУнун Программалык кеңсесинин ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүнүн маанилүү кадамы болуп саналат.

🔷Мындай иш-чаралар укук коргоо органдарынын потенциалын чыңдоого жана милиция кызматкерлеринин кесипкөйлүгүн жогорулатууга багытталган.

Leave a Reply