Үстүбүздөгү жылдын 15-18-сентябрь аралыгында Ысык-Көл облусунда «Кыргызстан-Азия—2021» V студенттер форуму болуп өттү. Иш-чарага жалпысынан 25 жогорку окуу жайдын студенттери жана делегаттары катышып, 200дөн ашык доклад окулган. Алардын ичинде Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын курсанттары, студенттери да бар. Аларды Коомдук – саясий сабактар кафедрасынын окутуучусу, милициянын улук лейтенанты Алымбек уулу Медет жетектеп барган.V студенттер форумунун алкагында илимий конференциялар жана практикалык иш-чаралар өткөрүлүп, студенттер арасында илимий тажрыйба алмашуу гана эмес, эл аралык достукту бекемдөө максатында ар кандай маданий иш-чаралар дагы уюштурулган. Аталган иш-чарада ИИМдин Академиясынын курсант, студенттери жакшы көрсөткүчтөргө ээ болушкан.

от supercop

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *