2026-жылдын 1-июнунда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын өздүк курамы адаттагыдай саптык аянтта сапка тизилди.
Иш-чарада ИИМдин Академиясынын башчысы милициянын полковниги Азамат Ногойбаев тарабынан кызматтык тартип боюнча тиешелүү нускамалар берилди.
Мындан сырткары, иш-чарада окуу процессинде жана спорттук мелдештерде алдыңкы орундарды багындырган кызматкерлер жана курсанттар сыйланды.
Сапка тизилүү өздүк курамдын салтанаттуу жүрүшү менен аяктады.