Бүгүн 27-сентябрда ИИМдин Академиясынын жетекчилиги спорт жаатында жетишкендиктерге ээ болгон курсанттарга жана кызматкерлерге сыйлыктарды тапшырды.Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандардын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене-тарбиясы жөнүндө” жарлыгына ылайык, сергек жашоону пропагандалоо, спортко болгон кызыгуусун арттыруу максатында, спорт чөйрөсүндөгү жетишкендиктери үчүн милициянын катардагысы Жаныбекова Тахмина жана Нуржанова Кымбат “Билим. Мыйзам. Намыс” төш белгиси менен сыйланды.
