Укук коргоо тутумун өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, илимий ишмердикте сиңирген эмгеги жана кесиптик ишмердүүлүктөгү чоң жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу ИИМдин Академиясынын начальнигинин орун басары Арзыгүл Джоробекова мамлекеттик сыйлык менен сыйланды.Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи” ардактуу наамы ИИМдин Академиясынын начальнигинин окуу жана илимий ишмердүүлүк боюнча орун басары, юридика илимдеринин доктору, профессор, милициянын полковниги Джоробекова Арзыгүл Мамаюнусовнага берилди.Арзыгүл Джоробекова 1991-жылдан баштап ИИМдин Академиясында мугалим, доцент, кафедра башчысы болуп иштеген. 2008-жылдан баштап Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Э.Алиев атындагы Академиясынын начальнигинин орун басары кызматын аркалоодо.

от supercop

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *