“Карынын кебин капка сал” демекчи, келечекти көрө билип, жаш муунду туура жолго тарбиялоодо ак сакалдуу аталардын кеби, ак элечектүү апалардын акылы туңгуюктан жол тапкандай эле. Арийне, көптөгөн кылымдардан бери карай кыргыз калкы өз карыларын кастарлап жогору коюп, аларга татыктуу урмат-сый көрсөтүп келгендигин нускалуу тарыхыбыз таамай айгинелеп турат. Бүгүн да салтты улай Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын кызматкерлери жана курсанттары Бишкектеги Абай көчөсундө жайгашкан карылар үйүнүн тургундарын 1-октябрь Эл аралык карылар күнү менен куттуктап, баш кийим жана акчалай жардам беришти. Андан тышкары 2-курстун курсанттары карылар үйүнүн имаратынын тегерегин тазалап, таштандыларды чыгарып ирээтке келтирип карылардын батасын алып кайтышты. Ал эми карылар үйүнүн администрациясы ИИМдин Академиясынын жалпы жамаатына көрсөткөн жардамы үчүн рахматын айтып, ыраазычылык катын тапшырды.

от supercop

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *