Окуу процессинин сапатын контролдоо тобу Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Э.Алиев атындагы Академиясынын түзүмдүк бөлүмү болуп эсептелет, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 2021-жылдын 17 августундагы № 522 буйругунун негизинде түзүлгөн.
2024-жылдын январь айынан тартып топтун улук тескөөчүсү милициянын майору Бегалиева Назгуль Сулкарбековна жетектеп келет.
Топ өзүнүн ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, ИИМдин Академиясынын Жобосун, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Илимдин, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин ведомстволук актыларын, Ички иштер министрлигинин жана Академиясынын жетекчилигинин буйруктарын, тескемелерин жана окуу процессинин сапатын контролдоо тобунун Жобосун жетекчиликке алат.
Топтун ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар минстрлигинин жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык жогорку кесиптик билим берүүнүн негизги билим берүү программаларын ишке ашырууда окуу процессин контролдоо жана сапатын камсыз кылууга багытталган.
Топтун милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
— Академияда билим берүүнүн сапатынын абалына үзгүлтүксүз жана системалуу мониторинг жүргүзүү, бул билим берүү керектөөлөрүн канааттандыруу деңгээлине, билим берүү кызматтарынын сапатынын динамикасына, окуу процессин усулдук камсыздоонун натыйжалуулугуна көз салууга мүмкүндүк берет;
— Академияда билим берүүнүн сапатынын көрсөткүчүнө жана процессине системалуу мониторинг жүргүзүү, аларды талдоо жана сапатын жогорулатуу боюнча чараларды көрүү;
— адистиктердин билим берүү программаларынын (окуу пландары, окуу программалары, жыйынтыктоочу аттестациялоо программалары, тесттик тапшырмалардын фонддору) Кыргыз Республикасынын Илим, билим берүү жана инновациялар министрлигинин ЖКББнын (жогорку кесиптик билим берүүнүн) мамлекеттик билим берүү стандарттарына жана коомдук керектөөлөрүнө дал келүүсүн анализдөө;
— Академиянын жетекчилигине сапатты камсыздоонун ички системасын киргизүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалымат берүү жана билим берүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча сунуштарды берүү;
— Академиянын жетекчилигине окуу, материалдык-техникалык база жана кызматтык документтерди стандарттын талаптарына ылайык өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
— Академиянын ишмердүүлүгүндөгү билим берүүнүн сапатын уюштуруу суроолору жана башка иштер боюнча изилдөөлөрдү жана социалдык сурамжылоолорду өткөрүү;
— билим берүү программаларын аккредитациялоо жана лицензиялоо боюнча иштерди уюштуруу жана даярдоо;
— Академиянын жетекчилигинин катышуусу менен (Академиянын башчысынын орун басары, окуу башкармалыгынын башчысы) окуу сабактарга педагогикалык көзөмөл жүргүзүүнү пландаштыруу жана көзөмөлдөө;
— академиялык ачык сабактардын өтүлүүсүн пландаштыруу жана көзөмөлдөө;
— Академиянын билим берүүнүн сапатын камсыздоонун ички системасынын натыйжалуу иштешин жана башкарууну камсыз кылуу.