Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары,
юридика илимдеринин кандидаты, милициянын генерал-майору
Урматтуу конференциянын коноктору, урматтуу кесиптештер!
Бүгүн биз чыныгы маанилүү окуяны – Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө үчүн чогулуп олтурабыз. Бул элибиздин тарыхында гана эмес, Кыргызстандын эгемендүү мамлекет катары калыптанышындагы маанилүү учур. 1924-жылы түзүлгөн Кара-Кыргыз автономиялуу облусу биздин республикабыздын келечектеги мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшү үчүн башат болуп калды. Бул башат оңой-олтоң, жеңил-желпи келген жок. Эгемендүүлүк үчүн канчалаган ата-бабаларыбыздын каны төгүлдү, жаны кыйылды.
Мына автономиялуу облусту түзүүгө баа жеткис салым кошкон Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков жана Ишеналы Арабаевдердин эмгектерин эле алалычы, бул адамдардын ар бири Кыргызстандын саясий жана маданий жашоосунун өнүгүшү үчүн эбегейсиз чоң салым кошушкан. Кыргыздын тунгуч алиппеси реформаланган араб алфавитинде 1924-жылы И. Арабаев тарабынан түзүлүп, “Кыргыз алиппеси” деген ат менен Ташкентте басылып чыккан. Бул элибиздин тарыхындагы эң чоң окуя эле, анткени кыргыз тили китепке түшүп, элдин билимге, маданиятка карай жолун ачкан.
Дипломат жана коомдук ишмер Иманалы Айдарбеков, бүткүл союздук форумдарда, конференцияларда кыргыз элинин кызыкчылыгын коргоп, элибиздин автономияга ээ болушу үчүн талыкпай эмгектенген. Анын алысты көрө билген саясаты аймактын өз алдынча саясий көз карансыздыгын бекемдөөгө мүмкүндүк берди. Абдыкадыр Орозбеков өз кезегинде жаңы автономиянын административдик системасын түзүүдө, келечектеги мамлекеттик башкаруунун пайдубалын түптөөдө чоң роль ойногон.
Доордун жүзүн, бир мамлекет эмес, азыркы Борбордук Азия элдеринин тагдырын чечкен, бүтүндөй региондун геосаясий түзүмүн, конфигурациясын аныктаган орошон муундун көрүнүктүү өкүлү Жусуп Абдрахмановдун кол жазмалары, чыгармалары кимди да болсо толкундантпай койбойт. Айрыкча автономия түзүлгөндө экономикада жана социалдык чөйрөдө реформалардын үстүндө жигердүү иштеген, облустун ырааттуу өнүгүүсүнө шарт түзгөн Жусуп Абдрахмановдун салымын өзгөчө белгилеп кетүү зарыл.
Бүгүнкү конференциянын актуалдуулугу эч кандай күмөн жаратпайт. Тез өзгөрүп жаткан дүйнөдө тарыхыбызды эстеп, өткөндөн сабак алып, жаркын келечекти куруу үчүн пайдалануу өтө маанилүү. Ата-бабаларыбыздын эмгектери бизди жаңы жетишкендиктерге шыктандырып келет, алардын мурасын келечек муундар үчүн сактап калуу биздин милдетибиз. Конференциянын бардык катышуучуларына тарыхый процесстерди терең түшүнүүгө жана аларды заманбап шартта колдонууга жардам бере турган жыйынтыктуу иштерди жана жемиштүү талкууларды каалайм. Бүгүнкү иш-чара Кыргызстандын илимий жактан мындан ары өнүктүрүүгө жана мамлекеттүүлүгүн бекемдөөгө стимул болуп калсын.