Нарк, каада-салт, үрп-адат деген эмне? Албетте, булардын баары күндөлүк турмушубузда эзелтеден бери жашап келет, жашап келген жана да жашайт бермекчи. Анткени түптүү элибиз, элдик каада-салттарыбыз, наркыбыз, үрп-адаттарыбыз бар, ошондой эле элибиз менен бирге жашай бермекчи. Улуттук нарк адамзаттын руханий казынасынын кайталангыс табылгасы болуп саналат. Ал улуттук-этникалык маданияттардын көп түрдүү биримдигинен түзүлөт. Жаратылыштагы био ар түрдүүлүк сыяктуу эле адамзат коомундагы социомаданий ар түрдүүлүк да мыйзам ченемдүү көрүнүш. Ошондон улам, ал жалпы адамзаттык баалуулуктардын катарына кирип, этностор ортосундагы ынтымакты бекемдеген күчкө ээ.
Тээ Манас атанын доорунда эле жаралып, азыркы учурга чейин өз маанисин жоготпой келе жаткан “Кан бийлигинен нарк күчтүү”, “Эрден өтмөк бар – элден өтмөк жок” деген өңдүү накыл сөздөр улуттук нарк-насилдин таасири эӊ жогорку деӊгээлге чейин көтөрүлгөнүн көрсөтүп турат. Дүйнөлүк ар кандай чакырыктар баш көтөрүп, көптөгөн экологиялык жана техногендик коркунучтар күч алган азыркы заманда кыргыз эли дүйнөлүк ааламдашуу агымына өз жүзүн жоготпой, нукура улуттук салт-санаасы, улуттук нарк-насили, ата-баба табериги менен кошулууга тийиш. Ансыз көптөгөн асыл нерселерибизден ажырап калган болобуз. Мен өзүм кыргыз тарыхына кызыккан жараан катары айтарым, улутту улут кылган, улут укуругун узартып, улут наркын арттырган үч нерсе бар: Тарых!.. Тил!.. Маданият!.. Ушул үчөө өз ара эриш-аркак жуурулушканда, нечен кылымдар кыйырынан муундан-муунга таберик болуп келаткан ата-баба тарых-таржымалы менен салт-санаасы, акыл-парасаты менен адеп-ахлагы келечекке ак кызматын үзгүлтүксүз өтөй алат. Ата-баба салтын тутпаган, наркын күтпөгөн адам баласынын арымы кыска, келечеги бүдөмүк болору анык.
«Устаранын мизинде оодарылган дүнүйө» деп Арстанбек акын айтмакчы, азыр дүйнө өзгөрүп жатат, биз дагы жакшы жагына өзгөрүшүбүз керек, ансыз болбойт. Биздин алдыбызда эң опурталдуу төрт коркунуч турат: босогодо сагалап турган дүйнөлүк согуш, дүйнөлүк климаттын кескин өзгөрүшү, экологиялык кырсыктар, техногендик апаттар. Ал келечекте адам баласы жашайбы же жашабайбы деген маселени кабыргасынан коюп салды. Такаат бере алар бекенбиз?..
Дүйнөдө тарыхый таржымалы биздикинен да кыйла узак элдер бар, бирок 30 кылымдан ашуун “кыргыз” сындуу өзүнүн көөнө атын сактап келген калк чанда, жокко эсе десек да болот. Андан бери дүйнөдө канчалаган ири империялар кыйрады, канчалаган элдин мамлекеттүүлүгү жоюлуп, өзүнүн улуттук иденттүүлүгүн жоготту, эне тили өлүү тилге айланды. Азыркыдай ааламдашуу доорунда кыргыз сындуу чакан калкты анын кесепетинен улуттук эс-тутум гана сактай алат.
Өөдүк-сөөдүк сүйлөгөндөн башкага жарабаган, эзели кургак сөз менен куру убададан арылбаган, өз алдынча акыл тегерете албаган, күнүмдүк жашоодо чабал адамдар менен өнүккөн өлкөнү куруу мүмкүн эмес. Кыргызстандын бакубат келечеги – дени сак, акылы тунук, ак-караны ажырата билген, ар-намыстуу жана кайраттуу жарандардын колунда экенин билүү баарынын эле колунан келе бербейт. Андыктан кыргызда “Ырыс алды – ынтымак” деген сөздүн маанисин түшүнүү баарыбызга белгилүү. Биз буга чейин чачкын жана чаржайыт болуп келген улуттук идеологиябызды ордуна коюу аракетин жасап жатабыз. Башкы максат – Кыргызстандын аймактык бүтүндүгүн сактоо, коомдун жашоо-турмушун турукташтыруу, өлкө коопсуздугун камсыз кылуу, өлкө экономикасын ар тараптуу өнүктүрүү, калк турмушун жакшыртуу, ошондой эле илим-билимдүү, таалим-тарбиялуу, дени сак муундун өкүлдөрүн өстүрүү. Ушуну менен улутубуздун келечек тагдырын ачык-айкын талкуулай турган дагы бир жалпы элдик аянтча түзүлдү десек болот. “Беш манжа бөлөк -билек бир, Беш адам бөлөк- тилек бир” дейт, анысы кандай, биздин билегибиз дагы, тилегибиз дагы бир кишилерденбиз, бир улуттанбыз.