Кийинки муунга ата-бабалардын калтырган мурасы – туу туткан духу, тумар туткан Мекени, көөнөрбөс кенчтей руху, улуттук наркы, акактай таза дили, ыйык туткан тили экени баарыбызга маалым. Ушул түшүнүктөр кыргызды кыргыз кылып кыл чайнаша кырчылдашкан кезеңдерден сууруп чыгып, бүгүнкү күнгө жеткирип отурат. Эне тили болбосо, аты аталбайт улуттун демекчи, улутубуздун мамлекет болуп калыптанышына өбөлгө түзгөн, жаратман элибиз сүйлөгөн улуу тилибиз жөнүндө айтпай койсок болбос.
Тил – улуттун баа жеткис зор байлыгы, эн белгиси. Тил – улуттук руханий курал, ал улуттун мүнөзүн, өз алдынчалыгын айкындайт. Кыргызстандын эгемен өлкө катары келечегин куруу саясатында экономика, коопсуздук сыяктуу эле мамлекеттик тилдин дагы эбегейсиз мааниси бар. Түпкүлүктүү кыргыз калкынын башка элдерге ассимиляция болуп кетпей, өз каада салты, нарк-дөөлөтү менен сактап келген анын – эне тили экенин, кыргыздардын келечекте дагы сакталып турушуна ушул мамлекеттик тили кепил болорун ар бир кыргыз жараны түшүнүүгө тийиш.
Ар кандай улуттун башкы байлыгы – анын эне тили. “Эне тилсиз эл карып” дейт. Ошондуктан, “баарынан сөз улук”, “оболу сөз жаралган” дешкен
байыркы бабаларыбыз. Биздин элибиз башка элдерден айырмаланып, сөздүн кудурет күчүнө, касиетине сыйынып келген, таазим этип келген. Сөз аркылуу элибиздин ата мурасы, акыл-насааты улам кийинки урпактарга өтүп келген. Сөз аркылуу ата-бабаларыбыздын өткөргөн күнү, жашаган жашоосу, көргөн-билгени көөнөрбөс көркөм баянга, ааламга тароочу аянга айланып, ооздон оозго өтүп, муундарында жашап, бизге жетип отурат. Бул сөздөрдүн, сөздөр аркылуу жаралган көөнөрбөс көркөм баяндардын касиети ушунда. Алар тарыхтын тагы түшкөн, келечектин бийик чыккан үнү катары эстетикалык, этикалык, нравалык, таанып билүүчүлүк, тарбиялык таасир жаратып, табийгый күл азык катары колдонулары барыбызга маалым.
Мекенибиздин бактысы сөздү сыйлаган, кепти уккан, чечимге моюн сунган эл туш келсе гана ачылат. Себеби ар кими өз ишин билип, улууга урмат, кичүүгө ызаат, азга каниет, барга топук, жокко шүгүр, эмгекке жакын, кашаңга камчы, жаманга сынчы, чек менен чепке сакчы, алсызга жөлөк, алдууга тирек болуп турса гана ийгиликтер жаралат.
Азыркы маалымат технологиялары дүркүрөп өнүгүп, жасалма интеллект жашообузду болуп көрбөгөндөй өзгөртүп жаткан убакта мамлекеттик тилди санарип трансформация кылуу ошончолук актуалдуу маселеге айланууда. Эми, биздин алдыбызда заман талабынан артта калбай, кыргыз тилин андан ары ырааттуу өркүндөтүү менен, толук кандуу мамлекеттик тилге айлантуу милдети турат. Эгер биз мындан ары өнүгүп-өсөбүз, аалам элинин тутумунда өз ордубузду табабыз десек, тарыхыбызды талыкпастан тактап, эне тилибиздин бир сөзүн кемитпей сактап, бүт ааламга ажайып маданиятыбызды даңазалап, улуттук наркыбызды, каада-салтыбызды, руханий байлыктарыбызды алып чыгышыбыз керек. Бизде мындан башка айкын жол жок.