выступление Байдилдеева Ж.

Эргеш Алиев жана замандашы Арстанаалы Осмонбековдун кыргыз атчандар дивизионундагы кызматы.

Тарыхый инсандарыбыздын ичинен советтик мезгилде калыптанган туӊгуч аскердик интеллигенциябыздын көрүнүктүү өкүлдөрү анчалык тереӊ изилденбей келет. Алардын өлбөс-өспөс ысымдары, учурундагы патриоттук аракеттери жаш мамлекетибиздин азыркы жана болочок муундарына көөнөрбөс эмгек. Ошондуктан ХХ кылымдын башындагы Кыргыз атчандар армиясынын командирлери Кыргыз мамлекетин бирге түзүп сактап бергендиги үчүн тарыхтан татыктуу ордуларын алууга тийиштүү.  Мына ушулардын баарын эске алуу менен, архив казынасында саргара сакталган, кагаз бетиндеги карт тарых аркылуу кыргыз атчандар армиясы жана анын көрүнүктүү аскер командирлери Эргеш Алиев менен Арстаналы Осмонбековдун оттуу күндөрдүн жалынына өмүр сүргөн даӊктуу жолу тууралуу баян кылабыз.

Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн тарыхы РСФСРдин курамындагы Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшү менен башталган. Түркстан фронтунун 1925-жылдын 27-июнундагы буйругу менен кыргыз атчандарынын жарым эскадрону толук эскадрон болуп уюшулуп, анын командирлигине граждандык согуштун көрүнүктүү аскер жетекчиси А.Вахидов, комиссарлыгына Т.Мамашов дайындалат. Эскадронго “Кошчу” союзу жана РКП (б) нын кантондук комитеттери сунуш кылган 1903–1906-жылы туулган, армияга өз ыктыярлары менен жазылган жергиликтүү улуттардын өкүлдөрү кабыл алынган. Каракол, Нарын, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад кантондорунда катталган жигиттердин таптык теги, диндик көз карашы боюнча тандалып алынган комиссияга Борбордук Аткаруу комитетинин төрагасы Абдыкадыр Орозбеков башчылык кылган 1926-жылы 4-апрелде Түркстан фронту Орто Азия аскер округу болуп кайрадан түзүлөт. Округдун командачылыгына К.Арсентьевский, штабдын начальнигине Б.Кондратьев дайындалат.Орто Азия Аскер округунун (САВО) буйругу менен 1926-жылы 26-апрелде Кыргыз атчандарынын кенже командирлерин Ташкенттин алдында күжүрмөн даярдыктан өткөрүшөт.

1927-жылы 1-октябрда Кыргыз атчандар эскадрону жана кыргыз аскерлеринин командирлер курамы мектеби өзүнчө Кыргыз атчандар дивизионуна бириктирилет. Март айында өткөрүлгөн Кыргыз АССРинин биринчи уюштуруу съезди жумушчу-дыйкан  Кызыл Армиясынын кыргыз улуттук бөлүктөрүн бөтөнчө белгилеп, ага “Кыргыз АССРинин Борбордук Аткаруу комитетинин алдындагы РККАнын Кыргыз атчандары” деген наам берген жана бөлүктөрдү шефке алып, дивизион кылып бириктирүүнү милдеттендирген. Анын курамына ар бири үч взводдон турган кылыччан аскерлердин эки эскадрону, пулемет взводу, байланыш взводу, командирлик курамды даярдоонун дивизиялык мектеби кирген.

Эргеш Алиев 22 жаш курагында мына ушул Кыргыз атчандар дивизионунда кызматка чакырылат. 1927-жылы Кыргыз атчандар дивизиону уюшулуп, ага өз ыктыярлары менен туш-туштан кыргыз жаштары агылып келе баштайт. Бирок ага ар тараптан өтө жетик уландар гана кире алганы, көп учурлары кабыл алуу комиссиясынын ишине Кыргыз АССР Борбордук Аткаруу Комитетинин төрагасы Абдыкадыр Орозбековдун өзү да катышканы кирүү сынагынын канчалык тыкыр болгонун айкындайт. Башынан чыйрак, өтө зээндүү, ар нерсеге дилгир Эргеш Алиев дивизионго илгиртпей өтүп, бир аздан мезгилден соң мыкты жоокерге айланган.

Кыргыз АССРинин Эл Комиссарлар Кеңешинин төрагасы Жусуп Абдрахманов менен Борбордук Аткаруу комитетинин төрагасы Абдыкадыр Орозбековдор Кызыл Армияда кызмат өтөп, андан тарбияланып өсүп чыккан жетекчилер болгондуктан, тап күрөшү курчуп турган кырдаалда Кыргыз атчандар дивизионунун уюштурулушуна чыңдалышына жана күжүрмөн даярдыктан өтүшүнө бөтөнчө көңүл бурган. Бул дивизиянын өзгөчө даярдыктары Фрунзе шаарынын алдындагы Лебединовкада, Ташкент шаарынын алдында, Казакстандын Кордай районунун аймагында, Түркмөнстандын Кушкасында өткөн. Кара-Кумдагы Орто-Азия аскер округунун ири машыгууларына катышып, 45 градус ысыкта бир нече чакырым жолдорду басып, күжүрмөн аскердик даярдыктан өтүшкөн.

Орто Азия аскердик округу Казакстандын, Өзбекстандын жана Түркмөнстандын эрме чөлдөрүндө, ээн талааларында өткөргөн бир нече жолку округдук машыгууларда Кыргыз Улуттук Атчандар эскадрону бөлөк республикалардыкынан кескин айырмаланып, дайыма «мыкты» деген бааларды алганын Орто Азия аскер округунун ошол кездеги командири П.Е.Дыбенко нечен ирет баса белгилегени тарыхый даректерден маалым. Ал машыгууларда дивизиондун атчандары ийгиликтерге жетишип, анын өзү Кыргыз АССР Аткаруу Комитетинин грамоталары, ысымы жазылган мылтык, кылыч, шамшар бычак жана башка баалуу белектер менен сыйланган. Эргеш Алиев мына ушундай Кара-Кум чөлүндөгү аскердик күжүрмөн машыгууда Орто Азия Аскер округунун коммандачылыгынын баалуу белеги менен сыйланган.

Ошондогу машыгуулар 1929–1932-жылдары басмачыларга каршы күрөштө көп пайдасын тийгизген. Чаткал, Кызыл-Жар райондорунда басмачылар күчөп, тоо койнундагы бейкут элге бүлүк сала баштаганда, ал жакка шашылыш түрдө дивизиондун атчандары жөнөтүлөт. Кар-Коюнда, Үр-Маралда, Айры-Белдеги кызуу салгылашууларда Т.Усупбеков, М.Дөөлөтбаев, К.Кыдыралиевдер баштаган дивизиондук чалгынчылар чоң эрдик көрсөтүшүп, ал үчөөнү Кызыл Туу ордени менен сыйлоо сунуш кылынган.

Алардын иш аракети жалаң гана мылтык көтөрүп, аскердик машыгуу менен чектелген эмес. Караңгы кыргыз элин маданиятка, анын сабатсыздыгын жоюууга, Кеңеш өкмөтүнүн саясатын калың элдин катмарына жеткирүү ишин жүргүзүп, ал үчүн жеке жүрүм турумунда башкаларга үлгү болушкан. Армияда өзүн-өзү багууга, башкача айтканда, жылкыларды багуу, өстүрүү, согушка даярдоо, азык-түлүк, кийим- кече маселелерин өздөрү камсыздоого жетишкен. Ошондуктан. аскерге алуу өкмөттүк жетекчилердин чоң сыноосу менен өтүп, ага тың, акыл эси ордунда, саясатка түшүнгөн, аны иш жүзүндө ашыргандар гана кабыл алынган. 1932-жылы Кыргыз атчандар дивизиону–Кыргыз атчандар полку болуп түзүлөт.Кыргызстанда алгачкы аскердик бөлүктөрдүн пайда болуу тарыхы мына ушундай.

Эргеш Алиев мына ушундай алгачкы түзүлгөн кыргыз атчандар дивизионунда 3 жыл кызмат кылып, 1930-жылы кана демоблизацияланган. Анын кыргыз милициясынын калыптануусуна эмгек сиӊирип, кыргыздардан алгачкы милициянын генералы болуп калыптанышына, аскердик кызматынын чоӊ таасири тийгенин баамдасак болот.

Эргеш Алиевдин аскердик күжүрмөн кызматын айтууда замандашы кыргыз атчандар дивизионунун көрүнүктүү аскер жетекчилеринин бири Арстаналы Осмонбеков тууралуу айтып кетүүбүз туура болчудай. Анын кыргыз аскердик бөлүктөрүн түзүү тууралуу ишинин башаты 1920-жылдын март айында ал Түркестан республикасынын Борбордук аткаруу комитетинин төрагасына кат жазуу менен башталган. Анда элеттеги кыргыздардын оор абалынан маалымат берип, коопсуздук туурасында айтып, кызыл аскер жөнөтүп, же элдин өздүк коргонуу отрядын түзүү керек жана аларды курал-жарак менен камсыздоо зарыл деген сунуш жазат. Көп өтпөй Фергана шаарында облустук революциялык комитеттин отруму болуп, өрөөндө Кызыл Армиянын улуттук бөлүктөрүн, милиция постторун түзүү боюнча чечим кабыл алынат.

     А.Осмонбеков отряд түзүү максатында күч үрөп, ага Түрк ЦИКтин кыргыздар боюнча өкүлү, бир кезде чоогу окушкан досу Шаймардан Капсаламов жардам берет,  Отрядга мүчөлүккө өткөндөр арбыйт, алардын катары көбөйөт. Капилеттен Шаймардан буктурмага туш келип, жарадар болот. Басмачылар аны кескилеп кыйнап өлтүрүшөт. Арстаналы Намангандан кошумча куралдарды алып, чогулган жигиттерди Устав боюнча бөлүктөргө бөлүшөт. Анын Жусуп, Алым, Алымбек, Добул, Жусуп, Атабек деген 6 бир тууганы отрядга кирет. Асанбек Кабаев менен Сулайман Айтиев эскадрондун командирлери болуп шайланышат.

           А.Осмонбековдун отрядына комиссар болуп Л.Д.Борисов жайындалган. Отряд мүчөлөрү улам тажрыйба арттырышып, кайраттарына кайрат кошулуп турган. Кыргыз отряды өзүнчө Жаӊы-Жолго, Кербенге, Успеновкага, Авлетимге, Кетмен-Төбөгө жана Майлуу-Сууга өздөрүнүн чакан бөлүктөрүн коюшкан. Негизги бөлүк дайым согушуп, басмачыларды кууп жүргөн. Алар Кырк-Уул жана Кызыл-Жар аймактарын толук басмачылардан бошотуп, элдин пейпил жашоосуна шарт түзүшкөн.

Чалгандоочулардан “Аман палбан 600 дөй жигити менен Ак-Сууда жатат” деген кабар жетет. Ошондо Арстаналы “Молдо-эшендердин Аман палбандын колдоочусу бар дегендери жалган, бизди эл колдойт, биз жеӊебиз!” деп аскерлерин жеӊиштерге шыктандырып, чабуулда жеӊишке ээ болушат. Басмачылар чоӊ жоготууга учурап, бир тобу качып жер менен жексен болушат.

     1921-жылы кыргыздардан турган отряддардын аскерлери басмачылар менен тынымсыз салгылашкан. С.Айтиевдин 82 кишиден турган отряды Орто-Токойдогу Жакыпбек менен Акматтын 150 дөн ашык басмачылары менен күрөшүп, аларды талкалашат. Арзымат корбашынын колуна кошулгандарын  да сая кууп, жок кылып, бир азы гана качып кутулат.

     1922-жылы Көршермат Бухарадан Ферганага кайтып келет. Англис империалисттери жөнөткөн Энвер паша аны мындагы топтолгон басмачыларга корбашы кылып дайындайт. Аларга каршы ыктыярдуу отряддар, милициянын бөлүмдөр биригип согушуп, басмачылардын бандалары талкаланат. Наманган уезди тараптагы Рахманкулдун шайкасын жок кылууда А.Осмонбеков жетектеген отряд эрдик көрсөтүшкөн. Билгичтик менен жүргүзгөн согуштарда анын отряды өздөрүнөн 7-8 эсе көп басмачыларды талкалаган. Рахманкул, Арзымат, Дадабай, Якупбек, Султан сыяктуу жана башка корбашыларды жана басмачыларды талкалоодо көрсөткөн эрдиктери үчүн кыргыз отряды өзүнчө кыргыз кавалериялык дивизиону болуп кайра түзүлгөн. Дивизионун командири болуп А.Осмонбеков дайындалган.

     1923-жылы 25-майы күнү Аман палбандын акыркы чакан бандасы талкаланып жок кылынган.

     Ошол жылдын 10-июль күнү Фергана фронтунун оперативдүү кеӊеши мыкты эрдиктери үчүн дивизионду күжүрмөн Кызыл Туу менен сыйлап, алкыш жарыялаган. Август айында А.Осмонбеков өзү 14787 номерлүү Кызыл Туу ордени менен сыйланган.

     Сентябрь айларында Наманган уезди толугу менен басмачылардан бошотулган. Бул боюнча Фергана облусунун аскер башчысы Тодорский атайын куттуктоо жиберген. Наманган шаарында салтанаттуу парад өткөн. Анда биринчилерден болуп А.Осмонбеков баштаган кыргыз атчандар дивизионунун жалтанбас мүчөлөрү өтүшкөн.

     Кыргыз дивизионунун жигиттери эс алып жатып алышпай, андан ары түштүк тарапка бет алышып, Лейлек, Исфара, Баткен, Кызыл-Кыя, Айдеркен, Шаймерден жана Сох аймактарындагы Жармат Максумдун, Ашыр паӊсаттын, Турдубай, Карабай корбашылардын шайкаларын да талкалашкан. Жармат Максум катуу кармаштан соӊ 360 жигити менен аргасыз колго түшкөн.

     Мына ошондон кийин гана кыргыз атчандар дивизиону өзүнүн турук алган жерине –Наманган шаарына кайрылып келген. Ушул жерде дивизион командири жогортон келген атайын Жарлыкты эл алдында окуган. Ал Жарлыктын негизинде А.Осмонбеков өзү баш болгон он бир азаматка Кызыл Туу ордени ыйгарылган.

     1927-жылы А.Осмонбековду Кызыл-Жар районунун дыйкандары Кыргыз АССРинин Кеӊешинин биринчи уюштуруу курултайына делегаттыка шайлап, ал курултайда президиумдун курамына щайланган. Курултайдан кийин аны Талас кантонунун Кошчу союзуна башчылык кызматка жөнөтүшөт. Кийинки жылдын аягында Арстаналы Осмонбеков Ош шаарына, суу чарбачылыгы боюнча бөлүм башчылыкка дайындалат.

     1929-жылы Аксы, Ала-Бука аймактарында Мадымардын, Насырхан төрөнүн, Истамбек молдонун, Абдымажиттин ж.б. бандалары пайда болгон. А.Осмонбеков кайрадан аттанып, ыктыярдуу кыргыз атчандарынын чакан отряды менен Масловдун отрядына кошулуп, эки айдын ичинде жогоруда аталган бандаларды жок кылышкан.

     Тилекке каршы 1931-жылы жай айларында да басмачылардын жаӊы топтору пайда болуп, элди тоноп, Ак-Суу тараптагы Кас аймагында элдик сот Алдосовду кармап алышып, кулагын, тилин, мурдун тирүүлөй кесишип кыйнап, андан сот атып салышкан. Кызыл-Жар районунун партиялык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Абдыкадыровду, райондук аткаруу комитетинин төрагасы Базаралиевди да кыйнап өлтүрүшкөн.

     А.Осмонбеков башкарган ыктыярдуу отряд жергиликтүү милиция органдарынын көмөгү менен 1932-жылдын аягына чейин Абдумажит, Чалданбай, Алибай, Жумадил аттуу корбашылардын топторун талкалап жок кылган.

     Тилекке каршы, ушул 1932-жылдан тарта ден соолугу кайрадан начарлап, дарыгерлердин аныктамасы менен ал экинчи топтогу майып болуп калган. Анын достору арбын болгону менен көрө албаган душмандары да болгон. 1933-жылы Чоӊ-Ак-Жол айыл кеӊешинде дан даярдоо боюнча уполномочен катары иштеп, үрөн себүү ишинде жүргөн Арстаналыга жашыруун уу берип коюшат. Фадеев аттуу дарыгердин өз убагында көрсөткөн жардамдары менен гана ал тирүү калат. 1934-жылы Ташкенде директорлордун курсуна жөнөтүлүп, окуп келет, чарбаларда иштөөсүн улантат.

     Анын эки уулу, эки кызы болгон. Уулу Акматбек Ташкенден Орто Азия мамлекеттик университетинен окуйт. Кызы Жамал, кичүү уулу Ооган Жалал-Абаддагы педокуу жайынан окушуп, мугалим болушкан. Ооган Финн согушуна кетип, Ленинграддагы аскердик-топографиялык окуу жайынан билим алат. Учкуч-стребитель болот.

     Согуш жылдары А.Осмонбеков өзү колхоз башкармасынын төрагасы болуп иштеген. Ата Мекенди коргоого ал эки уулун теӊ жөнөткөн.

     Согуштан качкан дезертилердин башында Атакан аттуу киши туруп, алар Таш-Көмүрдөн 30 чакырымдай алыстыктагы Күн-Тийбестин тоолоруна жашынышкан. Таш-Көмүр шаардык НКВДсы аларды кармоого аракет жасап, андан майнап чыкпай, айрым кызматкерлери окко учкан. Ошондо алар мындай иштерге тажрыйбалуу Арстаналынын көмөгүнө муктаж болушкан. Ал өзү жанына берки адамдарды баштап барып, өзүнчө тигил үӊкүрдө жашынып  жатышкан качкындар менен өзү гана бетме-бет сүйлөшүп, алардын аракети пайдасыз экендигин түшүндүрүп, колго түшүп берүүгө көндүрөт. Анын жардамы менен операция ийгиликтүү аяктайт. Бул жалтанбас аракети үчүн ал көп өтпөй Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун Ардак грамотасы менен сыйланат.

     1942-жылды фашисттик баскынчыларга каршы жүрүп жаткан согушта кичүү уулу, лейтенант Ооган Осмонбеков баатырларча курман болгон. Кийинки жылы Харьков шаарынын алдында улуу уулу, улук лейтенант Акматбек Осмонбеков курман болгон. Согушка кеткен беш бир тууганынан экөө гана кайтып келишкен. Мындай оор жоготуулар жашы жогорулап, улгайып калган Арстаналыга катуу тийген. Ансыз да көптөн бери ооруп жүргөн кайран киши 1945-жылы, 21-июль күнү дүйнөдөн кайткан.

     Жаӊы ирденип келе жаткан Кеӊеш бийлигин ар кандай дооматтан коргоп, ар кандай душмандын бетин ачып, кара баштын камынан калыӊ элдин жыргалчылыгын жогору коюп, акы да, зоболо да сурабай, кызыл командирлер саясий жетекчиликтин, эрдиктин, элге кызмат кылуунун үлгүсүн жөнөтүштү.

Биз бүгүн, эркин Кыргызстандын тарыхый жолунда, көз карандысыз мамлекеттин пайдубалын курууда кадиксиз эмгек сиӊиришкен адамдарды ыраазычылык менен эскеребиз. Булардын баатыр мүнөзү, революциячыл иши, тапчыл мазмуну эч качан бурмаланбай ошол жаркыраган боюнча муундан-муунга мурас болуп сакталат…