выступление Асекова

КУУГУНТУКТУН КУРМАНДЫГЫ БОЛГОН МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРИ

1991-жылы Кыргызстан эгемендикке ээ болуу менен  өзүнүн өнүгүүсүнүн жаңы тарыхый этабына кадам таштады. Өлкө көз карандысыз демократиялык мамлекет куруу багытын белгиледи. Ушуга байланыштуу эгемендикти алуу менен тарыхыбызга болгон кызыгуу күчөгөнү коом турмушунда байкалды. Анын ичинде совет доорунда өткөн  трагедиялуу көз ирмемдерди, окуяларды кайра карап чыгуу маселеси козголду. Ошону менен катар тарыхтын ар кайсы доор этаптары масштабдуу изилдене баштады.  Түшүнүүгө боло турган ушундай татаал жана кызыктуу көрүнүштөрдүн бири – республиканын коопсуздук органдарынын анын ичинде милиция кызматкерлеринин 1920-1953-жылдар аралыгында массалык түрдө куугунтукталып, репрессияланышы болду.

Кыргызстандагы ХХ кылымдын отузунчу жылдардагы репрессия өлкөнүн бардык чөйрөлөрүн камтыган. Мурдараак репрессиянын курмандыктары коомдук-саясий ишмерлер, маданий жааттагы мыктылар, экономикалык чарбалык тармакта эмгектенгендер, ошол мезгилдеги эң зарыл болгон билим берүү, агартуу тармагын жөнгө салгандар болсо, 30-жылдардын аягында эми алардын чоң тизмесинин катарына граждандык согушта жана контрреволюциялык кыймылды жоюуда милиция кызматкерлери да кошулган.

Ал эми каардуу репрессиянын жүрүшү сталиндик диктатура орногон ⅩⅩ кылымдын  20-50-жылдарына таандык. Кээ бир тарыхчылардын көз караштарына   караганда сталиндик репрессиялар, большевиктердин саясатынын жана Лениндин курсунун өтө орой түрдө бурмаланышы катары мүнөздөлөт. Алар, репрессиялангандардын басымдуу бөлүгү партиянын мүчөлөрү, аскердик жана ар түрдүү кызматтардагы жетекчилер болгондугуна басым жасашат. Бул көз караштардын чындыгы көз карандысыздыкка жеткенден кийинки жаңычыл көз караштагы тарыхчылар тарабынан далилденүүдө. Болотбек Абдрахмановдун “Кыргызстандагы саясий репрессиянын курмандыктары 1920-1953-жж” аттуу 10 томдук эмгегинде Кыргызстандык ар түрдүү катмардагы адамдардын массалык  репрессияга кабылгандыгы боюнча маалымат берилет. 1937–1938-жылдары саясий куугунтуктоолор менен коштолгон репрессиянын жүрүшү калктын калың катмарын калпып, үрөй учурарлык жүргөндүктөн, кырдаалдын себептерин, өзгөчө мүнөздөрүн, кесепеттерин аныктоо багытында келечекте дагы көп изилдөөлөрдү талап кылаары далилденди.

Батырбеков Кулмамбет, 1897-жылы Кыргыз ССРнин Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Саруу сельсоветинин Жалгыз-Өрүк айылында туулган. ВКПбнын мүчөсү болгон. К. Батырбеков жергиликтүү мамлекеттик кызматты аркалап, совет мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө бараандуу салымын кошкон.

Октябрь революциясынын жеӊишинин үчүнчү күнү 1917-жылдын 28-октябрында (10-ноября) Советтик өкмөттүн тапшырмасы менен НКВД «Жумушчу милициясы жөнүндө» токтом чыгарат. Анда жумушчу жана жоокерлер депутаттары тарабынан жумушчу милициясын түзүү жана ал Кызыл Армиянын куралдуу отряддарына таянуу менен иш жүргүзүүсү каралган. Коомдук тартиптин сакчысы катары Батырбеков К. өзүнүн кызматын жигердүүлүк менен аткарып, бир катар сыйлыктарга да көрсөтүлгөн.

1930-жылдары милиция кызматкерлери күжүрмөн постто гана эмес, большевиктик жетекчиликтин ортосундагы бийлик талашуу мезгилинде да репрессияга дуушар болушкан. Ал кезде ички иштер органдарынын кызматкерлери үчүн өз ара шектенүү, аңдышуу кадыр эсе көрүнүш болуп калган. Саясий шимшүүлөр милиция кызматкерлерин негизги милдеттен алагды кылган. Ушундан улам, 1938-жылы март айында ички иштер эл комиссариаты милиция кызматкерлерине түрдүү саясий акцияларга катышууга тыюу салган буйрук чыгарып, күчтү кылмыштуулукту четтетүүтө гана багыттоону талап кылган. 1938-жылдын башында Нарын, Ат-Башы, Жети-Өгүз, Базар-Коргон, Чаткал, Ѳзгөн, Кочкор жана башка бир катар райондук бөлүмдөрдөн 100дөн ашуун милиция кызматкерлери камакка алынып, аларга ойдон чыгарылган «контрреволюциячыл социал-туран» партиясына мүчө деген жалаа жабылган. Республикада Совет бийлигин кулатууну көздөшкөн деп айыпталган жазыксыз милиционерлердин арасында жумушчу-дыйкан милициясынын башкармасьнын жетекчилери, бөлүмдөрдүн начальниктери, орто, кенже курамдагы начальниктер, катардагылар болгон. Сурак жана сот процесстери алдын ала түзүлгөн схема боюнча жүргүзүлүп, жасабаган кылмыштарын мойнуна алдырышкан. 1938-жылдары Балыкчы, Нарын, Ѳзгөн. Токмок, Каракол шаардык милиция бөлүмүнүн жетекчилери жазыксыз атылып кеткен.

 Батырбеков Кулманбет камакка чейин Кыргыз ССРнин Ички иштер эл комиссариатынын Өзгөн милициясынын райондук бөлүмчөсүнүн башчысы болуп эмгектенген жана Өзгөн шаарында жашаган.

1937-жылдын 13-декабрында Кыргыз ССРнин Ички иштер эл комиссариатынын Жумушчу-дыйкан милиция башкармалыгынын Өзгөчө инспекциясы РФСРдин Кылмыш-жаза кодексинин 58-2, 58-6, 58-7, 58-10, 58-11-беренелерине ылайык «Социал-Туран партиясы» контрреволюциячыл буржуазиялык-улуттук уюмга катышкандыгы үчүн камакка алган.

1938-жылдын 6-октябрында Кыргыз ССРнин Чек ара жана ички аскер аскердик трибуналы кылмыш жазасынын жогорку чарасы атууга өкүм чыгарган. 1939-жылдын 4-февралында өкүм жүзүнө ашырылган. Архивдик кылмыш ишинин материалдарында көмүлгөн жери тууралуу маалымат жок.

         1940-жылдын 19-сентябрында Кыргыз ССРнин Ички иштер эл комиссариатынын аскер аскер прокурорунун токтомуна ылайык кылмыш курамынын жоктугуна байланыштуу иш Батырбеков Кулмамбет өлгөндөн кийин акталган, өндүрүштөн кыскартылган.

ЭМГЕК ЖОЛУ

  1. 1921-жылдын 15-июнунан баштап Каракол-Нарын уездинин партиясына Россия Компартиясынын Большевиктер (ВКП (б)) — мүчөсү болуп кабыл алынган:
  2. Партиялык билет — №1117196
  3. Талапкердик билет № 1004
  4. 1921-жылдын июнунан – 1922-жыл апрелине чейин (9 ай) – Жети-Ѳгүз районунун, Саруу айылында айылдык Советтин секретары болгон.
  5. 1922-жыл март — 1922-жыл сентябрь (6 ай) – Жети-Ѳгүз районунун ВКП(б) Аскердик Секретариатынын мүчөсү.
  6. 1922-жыл сентябрь — 1923-жыл май (9 ай) – Жалгыз-Ѳрүк айылынын — Атайын аскердик даярдоо бөлүмүнүн аткаруучусу болуп дайындалган.
  7. 1923-жыл май – 1923-жыл сентябрь (5 ай) — Турген районунда Оперативдик органда —Талаа командири
  8. . 1923-жыл сентябрь — 1924 жыл апрель (6 ай) – Жалгыз-Ѳрүк айылында — Областтык ВКП(б) нын Жооптуу айылдык катчысы.
  9. 1924-жыл февраль — 1924 жыл декабрь (10 ай) — Профсоюз комитетинин 70 жаш районунун райондук инструктору.
  10. 1925-жыл январь — 1925-жыл апрель (4 ай) — Покровка жана Жалгыз-Ѳрүк айлдарынын — ВКП (б)нын Жооптуу айылдык катчысы.
  11. 1925-жылдын 5-апрелинен бери Каракол райондук социалдык камсыздандыруу комитетинин Кантдун Начальнигинин Инструктор орун басары болуп иштеген.
  12. 1926-жылдын 9-майынан Каракол-Нарын Уюштуруу Социалдык Камсыздандыруу Фондунун Комитеттин төрагасынын орун басарыжана Каракол-Нарын Уюштуруу Социалдык Камсыздандыруу Фондунун инспектору контролеру.
  13. 1926-жылдын 6-мартынан 1927-жылдын 1-октябрына чейин Каракол социалдык камсыздандыруу фондунда инспектор контролер болуп иштеген.
  14. 1927 жылдын 22-мартында — Тоӊ жана Барскоон райондоруна Бүткүл Союздук Партиялык кошумча эл каттоону өткөрүү үчүн командировкага жиберилет.
  15. 1928-жылдын 6-сентябрынан баштап — Кылмышты издөө боюнча кенже агент жолдош. Батырбеков 6-сентябрдан тарта кылмыш иликтөө бөлүмүндөгү кызматынан кетип, Тоӊ районунун ВКП(б)нын төрагасынын орун басары болуп жогорку кызматка дайындалат.
  16. 1928-жылдын 20-октябрынан жолдош Батырбеков Кулмамбет Кыргыз АССРинин Борбордук Аткаруу Съездинин делегаты болуп кабылданган.
  17. 1932-жылдын 16-февралынан – 1932-жылдын 15-майына чейин Жети-Ѳгүз райисполкомунун штаттан тышкаркы инспектору болуп иштеген.
  18. 1932-жылдын 15-октябрында – Жети-Ѳгүз ОРО РУМунун Башкы Тергөө кызматкери Батырбеков Кулмамбет МШЛ- милицияны Фрунзе Кирг АССРине узатууга командировкага жиберилген.
  19. 1932-жылдын 20-октябрынан – 1934-жылдын 12-февралына чейин расмий убакыта ОРО Чуйского Управления Р.К. Милициянын башкармалыгынын ыйгарым укуктуусу болуп иштеген.
  20. 1933-жылдын 14-декабрына чейин – Кыргыз АССРинин Милициясынын Башкармасы, Чүй Району, Токмок Шаары — Чуй РУМунун ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеген.
  21. 1934-жылдын 13-июнунда – Анжиян — Жалал-Абад участогуна коопту кылмышкерди кармоого командировкага жиберилген.
  22. 1934-жылдын 25-декабрында — Старший Уполномоченный Ош шаарынын РК Милициясынын ЮКОС НКВДсында иштеп баштаган.
  23. 1935-жылдын 15-майынан — Ѳзгөн районунун УНКВДсынын НАЧАЛЬНИГИНИН КЫЗМАТЫНА дайындалган.

1935-жылдын 1 августунда — Койсары курортуна дарыланууга улуу уулу Керимкул менен жолдомо алып барган.

          1936-жылдын 1-майында— Абастумандагы курортко кургак учук оорусун дарылоого жолдомо алып, 1936-жылы 7-майда аялы менен барган.

1937-жылдын 13-декабрында Кыргыз ССРнин Ички иштер эл комиссариятынын Жумушчу-Дыйкан Милиция башкармалыгынын Ѳзгөчө инспекциясы РФСРдин Кылмыш-жаза кодексинин 58-2, 58-6, 58­-7, 58-10, 58-11 беренелерине ылайык “Социал-Туран партиясы” контрреволюциячыл буржуазиялык-улуттук уюмга катышкандыгы учун камакка алышкан.

1937-жылдын 6-октябрында Кыргыз ССРнин Чек Ара жана ички аскер, аскердик трибуналы кылмыш жазасынын чарасы — атууга өкүм чыгарган.

1937-жылдын 4 февралында өкүм ишке ашкан.

Архивдик кылмыш ишинин материалдарында көмүлгөн жери тууралуу маалымат берилген эмес.

1940-жылдын 19-сентябрында Кыргыз ССРнин Ички иштер эл коммисариатынын аскер прокурорунун токтомуна ылайык кылмыш курамынын жоктугуна байланыштуу иш өндүрүштөн кыскартылган.

Кыргызстанда 20 миңге жакын адам адилетсиз соттолуп алардын тɵрттɵн бирине жакыны ɵлүм жазасына тартылган. Алардын ичинен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин ардагери  Ата-Бейит көрүстөнүндөгү 137 коомдук саясий ишмерлердин сөөгүн казып алуунун башында турган, окумуштуу  Болотбек Абдрахмановдун илимий эмгегине таандык “Кыргызстандагы саясий репрессиянын курмандыктары 1920-1953-жж” аттуу эмгегине ылайык Кыргызстанда жалпы 33 жыл аралыгында 130дан ашык ар кандай даражадагы  НКВДнын кызматкерлери репрессиялангандыгы маалым.