Омурзаков Суйунбек Абдылдаевич

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы,

милициянын запастагы генерал-майору

Урматтуу коноктор жана конференциянын катышуучулары!

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган бүгүнкү конференциянын бардык конокторун куттуктайм. Бул тарыхый окуя, элибиздин саясий жана маданий кайра жаралуусунун маанилүү кадамы болуп калды.

Кара-Кыргыз автономиялуу облусу 1924-жылы аймактын көптөгөн элдери өз тагдырын өзү чечүүгө жана саясий көз карандысыздыкка умтулган шартта түзүлгөн.

 Элибиздин тарыхындагы бул этап саясий акт гана эмес, биримдиктин, улуттук кайра жаралууга умтулуунун символу болуп, кыргыздарга өзүнүн өзгөчөлүгүн, тилин, маданиятын сактап калууга жакшы мүмкүнчүлүк болгон. Бул кадам кыргыз элинин өз тагдырын өзү чечүүсүнүн узакка созулган процесстеринин жана маданий-социалдык өнүгүүнү камсыз кыла турган саясий системаны түзүүгө умтулуунун натыйжасы болду.

Автономияны түзүү менен кыргыз эли башка улуттар арасында өз каада-салтын, үрп-адатын, наркын жана башка өзгөчөлүктөрүн аныктап, түпкүлүктүү эл экендигин баса белгилеп, өз байлыктарын туура башкарып, маданиятын, тилин өнүктүрүп, экономикалык өсүшкө, социалдык жыргалчылыкка багыт алган.

Бул күн кыргыз эли үчүн өз тагдырын өзү чечүү дараметин сезген тарыхый учур болуп бере алды.

Биз тез өзгөрүүлөрдүн доорунда жашап жатабыз жана дал ушундай учурда тарых биздин негизги багытыбыз экендиги талашсыз. Мамлекетибиздин пайдубалы кандайча жана кимдин аркасында түптөлгөнүн түшүнүү, бизге азыркы учурдагы позицияларыбызды бекемдеп, келечекке пландарды түзүүгө мүмкүндүк берет. Өткөн күндүн элесин сактап калуу гана эмес, андан элди мындан ары өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жана перспективаларды түзүүгө жардам бере турган сабактарды алуу маанилүү.

Биздин парзыбыз – тарыхый тамырыбызды эстеп, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн башатында тургандарды урматтоо. Мындай чыгаан инсандардын арасында Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдрахманов, Ишеналы Арабаев, Иманалы Айдарбеков, Абдыкадыр Орозбеков бар. Алардын ак ниет эмгегинин жана эркиндикке жана көз каранды эместикке умтулуусунун аркасында биздин эгемендүүлүгүбүздүн негиздери түзүлдү.

Алардын эмгектерин, жетишкендиктерин терең түшүнүү аркылуу гана Кыргызстандын келечегин ишенимдүү куруп, маданиятыбызды, эгемендүүлүгүбүздү, улуттук өзгөчөлүгүбүздү сактап, өнүктүрүп, алдыга жыла алабыз.

Бул маанилүү датага арналган бүгүнкү конференция Кыргызстандын тарыхындагы бул улуу окуяны жаңы муунга туура түшүндүрүп, анын тарыхый маанисин жайылтуу багытындагы иштерди улантат деп ишенем. Кыргызстандын улуу мурасы катары бул окуя биздин мамлекетибиздин негизги пайдубалынын бири болгонун унутпайлы. Урматтуу замандаштар, дагы бир жолу конференциянын ишине ийгилик каалайм!