Ниязбеков Улан Омоканович

 Кыргыз Республикасынын ички иштер  министри,

милициянын генерал-лейтенанты

Саламатсыздарбы урматтуу “Кара-Кыргыз автономиялуу облусуна 100 жыл: тарыхый инсандар жана алардын мурастары» аттуу илимий-практикалык конференциянын катышуучулары! Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин атынан коомдогу маанилүү темага арналган бул  иш-чарада  сиздер менен жолугушканыма  абдан кубанычтамын.

Канча жашаса да өмүрү текке кетпеген инсандар болот. Эркин кыргыз мамлекетинин жаңы заманда кайрадан курулушу Ишеналы Арабаев, Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов, Иманалы Айдарбеков, Абдыкадыр Орозбеков, Төрөкул Айтматов сыяктуу улуу инсандардын тагдыры жана ишмердүүлүгү менен киндиктеш, ажырагыс байланышта. Бул адамдар автономиялуу облус үчүн гана күрөшпөстөн, Кыргызстандын келечектеги мамлекеттик өнүгүүсүнүн пайдубалын түптөшкөн. 

1924-жылдын октябрында болгон бул окуя биздин элибиздин тарыхында анын саясий жана маданий турмушунда жаңы этаптын башталышын белгилөөчү маанилүү окуя болуп калды. Эгер Кыргыз АССРдин түзүлүшүн кыргыздар үчүн ХХ кылымдагы биринчи республика катары санасак, Жусуп Абдрахмановду Эл комиссарлар кеңешинин төрагасы болуу менен анын өкмөтүн башкаргандыгы үчүн кыргыздардан чыккан биринчи премьер-министр катары кароого болот.  Анын айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган агрардык реформалары, Кыргызстандын келечектеги өнүгүшү үчүн негиз болгон. Анын ойлорунун тереңдиги жана кеңдиги, кызыктуу баяндалган тарыхый эпизоддору бизди акыл түйшүгүн тартууга мажбурлап, алыскы ойлорго жетелейт.

Кыргыз автономиясын эл аралык деңгээлде таанууда Абдыкерим Сыдыковдун салымы чоң. Ал кыргыздардын автономияга укугу бар өзүнчө эл катары таанытууга умтулуп, сүйлөшүүлөргө жана дипломатиялык иш-чараларга активдүү катышкан.  Ал өз ишмердүүлүгү менен улуттук иденттүүлүк үчүн негиз түзүүдө эбегейсиз салым кошту.

         Ишеналы Арабаев агартуучу, окумуштуу катары кыргыз жазуусун, маданиятын өнүктүрүүгө салым кошкон. Анын кыргыз тили үчүн кириллица алфавитин түзүү боюнча жасаган иштери улуттук маданиятты сактоо жана өнүктүрүү жолундагы маанилүү кадам болгон.

         Бүгүн биз ошол окуяларга көз жүгүртүп, алардын эгемен мамлекет катары бүгүнкү даражага жетүүбүзгө кошкон салымы канчалык чоң экенин түшүнөбүз. Себеби, кыргыз мамлекеттүүлүгүн, маданиятын жана экономикасын калыптандырууда жана чыңдоодо алардын бүтүндөй бир өмүр менен шартталган эмгектери биз үчүн өтө маанилүү.

Бүгүнкү биздин конференциянын актуалдуулугу шексиз. Глобалдык процесстердин таасири артып, тез өзгөрүп жаткан ааламдашуу заманында башатыбызды аңдап, тамырыбызды талдап, мамлекеттүүлүгүбүз кандай калыптангандыгын жана ийгиликтүү келечек үчүн өткөндөн кандай сабак алсак болорун аныктап алуу – учурдун талабы. Жазгы селдей агымы күчтүү мезгилдеги тагдыр чечүүчү окуялардын катардагы күбөсү жана катышуучусу эле эмес, ошол окуялардын ана башында турган инсандардын ой толгоосу, аныктамасы, баасы, көз карашы – учур жана келечек үчүн баалуу жана кымбат мурас.