МТ ж ФКККК

кафедранын башчысы Уметалиев М. Дж.

маалыматтык технологиялар жана финансылык кылмыштарга каршы күрөшү кафедрасы (МТжФККК) 2024-жылдын 10-декабрындагы Кыргыз Республикасынын ИИМнин №766 буйругуна ылайык, Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Э. Алиев атындагы Академиясында түзүлгөн.

Кафедра, кибер кылмыштарга каршы күрөшүү, финансылык мыйзам бузууларды аныктоо жана иликтөө, ошондой эле маалыматтык коопсуздукту камсыздоо боюнча кесипкөй адистерди даярдоо ишин жүргүзөт.

Кафедранын максаты жана милдеттери
Кафедранын максаты — маалыматтык коопсуздук, кибер кылмыштуулукка жана финансылык алдамчылыктарга каршы күрөшүү чөйрөсүндө терең теориялык билимдери, практикалык көндүмдөрү жана аналитикалык ой жүгүртүүсү бар жаңы муундагы адистерди даярдоо.
Кафедранын негизги милдеттери:
• окутуу, илимий-изилдөө жана тарбия берүү иштерин уюштуруу;
• заманбап билим берүү методикалары жана технологияларын иштеп чыгуу жана киргизүү;
• курсанттарда маалыматтык технологиялар жана санариптик криминалистика боюнча кесиптик даярдыктарды көрүү;
• кибер коопсуздук жана финансылык аналитика маселелери боюнча мекемелер аралык кызматташтыктын камсыз кылуу;
• курсанттардын жана калк арасындагы санариптик жана укуктук сабаттуулукту жогорулатуу.

Окутуу жана илимий ишмердүүлүк
Кафедрада билим берүү дисциплиналарын ишке ашыруу, кеңири спектрдеги багыттарды камтыйт:
• маалыматтык коопсуздуктун негиздери,
• кибер кылмыштуулукту иликтөө,
• акчаны жууга каршы күрөшүү,
• электрондук далилдер,
• санариптик түзмөктөрдү криминалистикалык изилдөө,
• санариптик гигиена жана укуктук маданият тармагында.
Кафедра илимий долбоорлорго активдүү катышып, санариптик жана финансылык коопсуздук боюнча конференциялар, семинарлар жана тегерек столдорду уюштурат.

Киберволонтердук кыймыл
Кафедрада киберволонтерлордун тобу иштейт, ага Академиянын курсанттары кирет. Группанын негизги иш багыттары:
• Интернет тармагында мыйзамсыз маалыматтарды жайылтууга каршы мониторинг жүргүзүү жана каршы аракет көрүү;
• күчтүү психикалык жана физикалык ден соолукка зыян келтирүүчү контентти аныктоо;
• жаштар жана калк арасында кибер коопсуздук жана санариптик гигиена боюнча профилактикалык жана түшүндүрүү иш-чараларын өткөрүү;
МТжФККК — бул билим берүү борбору гана эмес, санарип доорунун чакырыктарына натыйжалуу каршы турууга даяр болгон жаңы муун адистерди даярдоого көмөктөшкөн практикага багытталган борбор.