Мамыров Шамшыбек Сабырбекович

Милициянын көчмө кабылдамасын колдоо ассоциациясынын директору, экономика илимдеринин кандидаты, милициянын отставкадагы полковниги

Урматтуу кесиптештер, кымбаттуу достор!

         Бүгүнкү маанилүү күнү Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган конференцияда сиздер менен жолукканыма кубанычтамын. Бул иш-чара улуттук иденттүүлүктү жана саясий көз карандысыздыкты калыптандыруу процессинин башталышын белгилеп, элибиздин тарыхындагы маанилүү баракчасы болуп саналат.

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшү Иманалы Айдарбеков, Абдыкадыр Орозбеков, Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдрахманов жана Ишеналы Арабаев сыяктуу көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлердин баа жеткис эмгектеринин натыйжасында түзүлгөн. Бул инсандар биздин автономияны түзүүнүн башатында туруп, Кыргызстандын келечеги үчүн бекем пайдубалды түптөштү. Алардын аракеттери жана көрөгөчтүгү биздин элибиздин келечегинин багытын аныктап, алардын чоң дүйнөлүк коомчулукта туруктуу ордун камсыз кылды.

Иманалы Айдарбеков менен Абдыкадыр Орозбеков сыяктуу кыргыздардын каймактары жана башка чыгаан инсандар биргелешип улуттук автономияны түптөөгө катышышкан. Кыргыз мамлекеттүүлүгүн кайра калыбына  келтирүүдө  аты аталган кыргыздын элитасы  бул тарыхый  процессте  улуттук  кызыкчылык үчүн жанын аяган эмес.

Кыргызстандын саясий таанылышына,  кийинки мамлекет курулуш үчүн шарттарды түзүүдө эң негизги ролду ойношту. Бул прцессти көрүнүктүү дипломаттар, курч саясий кырдаалга ошол кездеги көптөгөн кыйынчылыктарга карабастан, кыргыз эли өз тагдырын башкара алгыдай болушу үчүн аракет кылышкан.

Бүгүнкү иш-чаранын актуалдуулугу талашсыз. Тарых-бул биздин келечегибиздин пайдубалы. Бизди курчап турган дүйнө тездик менен өзгөрүп жаткан глобалдык өзгөрүүлөрдүн шартында, өткөндүн сабактарын эстеп калуу жана Кыргыз автономиясын түзүүнүн башатында тургандардын тажрыйбасын пайдалануу маанилүү. Бул тарыхый окуяларды түшүнүү жана кайра баалоо аркылуу гана биз ааламдашуу, маданий иденттүүлүктү сактоо же экономиканы өнүктүрүү маселелери болобу, азыркы чакырыктарга чечимдерди таба алабыз.

Бүгүнкү ийгиликтерге жол ачкандардын элесин урматтап, сыйлап, сактамайынча биздин келечегибиздин жолун көрүүгө мүмкүн эмес экенин моюнга алышыбыз керек. Конференциянын бардык катышуучуларына жемиштүү талкууларды, кызыктуу баяндамаларды жана терең талдоолорду каалайм. Бүгүнкү талкуулар биздин тарыхыбызды жакшы түшүнүүгө,  коомубуздун ийгиликтүү, туруктуу өнүгүшүнүн жолдорун табууга, тарыхый мурастарды сактоого, алдыга ишенимдүү кадам таштоого жана тамырларыбызды бекемдөөгө эң маанилүү чоң салым болот деп ишенем