Мамбетсеитов Иман Бейшебаевич

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант К.Үсөнбеков атындагы Аскер институтунун башчысы, полковник

Урматтуу конференциянын катышуучулары!

         Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган бул маанилүү иш-чарага чогулгандардын баарын куттуктап кетүүгө уруксат этиңиздер. Биздин элибиз үчүн бул окуя өз тагдырын өзү чечүүгө жана заманбап мамлекеттин негиздерин калыптандыруу жолундагы баштапкы чекит болуп калды. Биз бүгүн бул маанилүү датаны майрамдоо үчүн гана эмес, биздин замандын контекстинде анын маанисин түшүнүү үчүн чогулдук.

Кара-Кыргыз автономиялуу облусу 1924-жылдын 14-октябрында саясий картада пайда болуп, улуттук институттарды чыңдоо жана кыргыз элинин саясий турмушка өз алдынча катышуусундагы олуттуу кадам болуп калды. Татаал тарыхый реалдуулуктун шартында автономия элге маданий жана саясий өнүгүү укугун камсыз кылып, азыркы Кыргыз Республикасын курууга негиз салды. Бул кадам улуттук биримдикти чыңдап, элди өзүнүн өзгөчөлүгүн бекемдөөгө бириктирип, кыргыз элинин эгемендүүлүккө болгон умтулуусунун жана саясий субъективдүүлүгүнүн символу болуп калды. Бул мезгилдерде Кыргыз Республикасынын түзүлүшүнө алып келген пайдубалдар түптөлгөн. Элдин мындан аркы өнүгүүсүнө улуттук көтөрүлүштүн шартында пайда болгон мамлекеттик мекемелер, маданий-агартуу системалары чечүүчү роль ойногон.

Бүгүнкү иш-чара улуттук өзгөчөлүктү, маданиятты жана каада-салттарды сактоонун маанилүүлүгүн эске салат. Биз ата-бабаларыбыздын тажрыйбасына, акылмандыгына таянып, келечекти куруу үчүн өткөндүн сабактарын унутпашыбыз керек. Автономияны түзүүнүн башатында тургандар – Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдрахманов, Ишеналы Арабаев, Иманалы Айдарбеков жана Абдыкадыр Орозбековдор өздөрүнүн ак ниет эмгеги менен Кыргызстандын саясий, маданий-агартуу кайра жаралуусунун бекем пайдубалын түптөшкөн.

Биз бул улуу мурастын улантуучулары катары тарыхый тамырыбызды эстеп, өткөндүн сабактарын моюнга алып, андан бүгүнкү күн үчүн маанилүү жыйынтыктарды чыгарышыбыз керек.

Бул маанилүү окуяга катышууга чакырганы үчүн Ички иштер министрлигинин Академиясына ыраазычылык билдирүүгө уруксат этиңиздер. Мындай маанилуу тарыхый датаны талкуулоого катышуу биз учун сыймык. Тарыхый мурасыбызды изилдөө жана анын бүгүнкү күндөгү реалдуулукта маанисин бекемдөө үчүн мындай конференцияны уюштуруу демилгеңиздин мааниси чоң. Конференциянын бардык катышуучуларына жемиштүү талкууларды, жаңы ачылыштарды жана өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн ийгиликтүү иштерди каалайм.