Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясынын экс-жетекчиси, юридика илимдеринин кандидаты, доцент, милициянын отставкадагы генерал-майору
Урматтуу кесиптештер, достор!
Бүгүн биз Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө үчүн чогулуп отурабыз. Ар бир элдин басып өткөн тарыхы, тили жана маданияты ошол элдин бүгүнкү, эртеңки жашоосу үчүн өтө маанилүү. Анткени, ошол тарых-таржымалы менен байтүп мамлекеттин келечеги калыптанат, андан ары өнүгүп-өсөт.
Кыргыз эли тээ алмустактан бери тарых айдыңында бирде жанып, бирде өчүп, түгөнгөн сайын түтөп, эң башкысы эркиндигин туу туткан улуу журт экени анык. 20-кылымдын башында эң кандуу, ошол эле учурда эң натыйжалуу болгон Улуу Октябрь революциясы карапайым кыргыз турмушун да кыйгап өтпөгөнүн жакшы билесиздер. Колониялык саясаттын курмандыгы болуп, кыргынга учураткан Улуттук боштондук күрөш – Үркүндүн запкысын тарткан карпайым эл үчүн көктөн издегени жерден табылгандай эле болгон.
1924-жылы 14-октябрда РСФСРдин курамында Кара-Кыргыз автономиялуу облусу, 1926-жылы Кыргыз Автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасы, ал эми 1936-жылы союздук Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасы болуп түзүлгөн тарыхый мезгил биз үчүн абдан маанилүү. Айтканга оңой болгону менен, мына ушул жылдар аралыгында, тарыхый оор шартта кыргыз элинин өз алдынча, эркин, эгемен мамлекет болушу үчүн кан-жанын, маңдай терин төккөн Абдыкерим Сыдыков, Ишенаалы Арабаев, Иманаалы Айдарбеков, Абдыкадыр Орозбеков, Жусуп Абдрахманов, Төрөкул Жанузаков, Касым Тыныстанов, Төрөкул Айтматов, Баялы Исакеев өңдүү аталарыбыз кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнүн башында турушкан. Тилекке каршы, алар улутчул деген жалаа менен кандуу репрессиянын курмандыгы болушканы баарыбызга белгилүү.
Тарыхтын тамырын тартып, жалпы журтка белгилүү мамлекет түптөгөн аталарыбыздын каармандыгы тууралуу жаңы муунга жеткирүү биздин милдет. Себеби, азыркы Эгемен Кыргызстаныбыз мына ошол аталардын кажыбас кайраты, майтарылгыс эрки менен түзүлгөн Кара-Кыргыз автономиялуу облусунан башат алат. Бул кыргыз элинин өнүгүүсүндөгү жаңы этаптын башталышын белгилеп, өз тагдырын өзү аныктоого жана мамлекеттик институттардын калыптанышына жол ачкан маанилүү тарыхый этап болуп саналат. Автономия кыргыз тилин, адабиятын жана искусствосун сактоо жана өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү ачты. Мектептерди жана билим берүү мекемелерин активдүү уюштуруу иштери башталды, кыргыз тилинде окутуу программалары иштелип чыкты, бул калк арасында сабаттуулуктун деңгээлин жогорулатууга өбөлгө түздү. Улуттук жазууну жана билим берүүнү өнүктүрүү маданий жана социалдык прогресстин күчтүү фактору болуп калды. Ошондой эле айыл чарба жана өнөр жай тармагындагы реформалар аймактын экономикасынын жигердүү өнүгүшүнө алып келди. Инфраструктуранын курулушу, агрардык сектордун жана өнөр жай өндүрүшүнүн модернизациясы региондун экономикасынын гүлдөп өнүгүшүнө жана андан ары өсүшүнө негиз түзүүгө мүмкүндүк берди. Бүгүнкү иш-чара бизге жүз жыл мурдагы окуяларды заманбап чакырыктардын таасири аркылуу кароого мүмкүндүк берет, анткени алар бизге тарыхтан билимибизди тереңдетип гана тим болбостон, мамлекетибиздин жана коомубуздун алдында турган актуалдуу милдеттерди чечүүгө жаңы ыкмаларды табууга мүмкүндүк берет деген ишеничтемин