Мааткеримова Т (стих)

Эл уулу Э.А. Алиевге

Жалал-Абад жеринен чыккан жылдыз,

Элдин уулу, эл менен жашаган чыныгы кыргыз.

Эң биринчи генерал чинин алып,

Калтырды жаш муунга бир чоң ийиз.

Жаш тайынан эмгек сүйүп эл баккан,

Кедей журттун камын ойлоп иш баштаган,

Колхоз туруп эл үчүн жүк көтөрүп,

Мекен үчүн бүт өмүрүн арнап салган

Басмачылар чабуулдап турган доордо,

Жүрөк түбүн от кылып чыккан жоого,

Самидин, Акмат, Абдраим өңдүү душмандардан

Элдин тынчтык тиреги болгон улуу-инсан

Милициянын чоң жолунда өрнөк кылган,

Сержант болуп ак кызматын баштаган,

Кырк жыл иштеп кызматын так аткарып,

Эң биринчи генерал наамын алган.

Эргеш ата ысымы эл оозунда,

Жарк этет дайым ак ниет сөз ордунда,

Академия, көчөлөр, эстеликтер

Туура жолду үйрөтөт ар бир жанга