Кулов Феликс Шаршенбаевич

Мамлекеттик жана саясий ишмер, “Ар-Намыс” партиясынын төрагасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экс-депутаты, отставкадагы генерал-лейтенант

Урматтуу конференциянын катышуучулары!

         Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун жана кыргыз милициясынын  түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган бүгүнкү илимий-практикалык конференцияда Кыргыз Республикасынын ички иштер министрине, ардагерлерге жана ИИМдин Академиясынын  жетекчилигине, профессордук-окутуучулук курамына терең ыраазычылык билдирип кетким келет. Билим уясы болуп эсептелген бул окуу жайда элибиздин басып өткөн тарыхын, эгемендүү мамлекетибиздин түптөлүшүнө жан аябай эмгек жасап, өз салымдарын кошкон улут аталарыбызды эскерип, келечек муундарга үлгү катары өткөрүп берип жаткандыгы көңүл жылытарлык жышаан.  Президентибиз С.Жапаров: “Басып өткөн тарыхыбызда кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кайра жаралуусун, анын түптөлүшүнүн оңойго турбаганын кийинки муун сөзсүз билиши зарыл”,-деп атайын жарлык чыгарганы бекеринен эместир.

         Президентибиз “Азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар (Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Ишеналы Арабаев) жөнүндө” деп атайын Жарлыкка кол коюп, “улут аталары” деген наамды ыйгаруусу абдан маанилүү. Анткени жогоруда аты аталган аталарыбыз бытыранды көчмөн турмушта жашап келген кыргыз элинин башын бириктирип, улут катары таанылып, өзүнчө мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө зор салым кошушкандыгы тарых барактарында жазылып калган.

         Айта кетсек,  1924-жылы Казак автономиясы түптөлгөндөн кийин кыргыздардын коңшу элге сиңип кетүү коркунучу жаралып, кыргыз элинин мамлекеттүүлүгүн калыбына келтирүү демилгеси туңгуюкка кептелип турган  учурда, ошол учурдагы кыргыз элитасынын каймактары болуп эсептелген  Иманалы Айдарбеков, Абдыкадыр Орозбеков, Жусуп Абдрахманов, Ишеналы Арабаев сыяктуу жана башка аталарыбыз биргелешип, андан чыгуунун жолун табышат. Кара-Кыргыз автономиялуу облусун түптөө жөнүндө ой жайылтылып,  үгүт иштери жүргүзүлөт,  ошондой эле Түркстан, Бухара жана Хорезмде өткөн партиялык конференцияларда каралат.  Ошентип, улуттук элиталарыбыздын талыкпаган эмгектеринин жыйынтыгы менен  1924-жылдын 14-октябрында Кара-Кыргыз автономиялуу облусу түзүлүп, РСФСРге кошулат.

         Жыйынтыгында, “улут аталарынын” көрөгөчтүгү менен 1991-жылы 31-августта Кыргызстан эгемендүүлүккө жетишип, кыргыздар дүйнөлүк саясий картадан ордун тапты жана дүйнөлүк державалардын катарында үзөңгүлөш, артта калбай келечекке карай кыйыр жолун салып, ар тараптуу өнүгүүнүн жолунда келе жатат.          Сөзүмдүн аягында бүгүнкү илимий-практикалык конференциянын бардык катышуучуларына жемиштүү иштерди, мазмундуу дискуссияларды жана өткөндүн маанилүү тарыхый жетишкендиктерин терең түшүнүүгө жана келечекте Кыргызстандын ийгиликтүү жана туруктуу өнүгүшүнө жол табууга жардам бере турган жаңы идеяларды сунуштоону каалайм