Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясынын биринчи жетекчиси, юридика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи, милициянын отставкадагы генерал-лейтенанты
Урматтуу айымдар жана мырзалар!
Бүгүн биз Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө үчүн чогулуп отурабыз. Бул окуя кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптануу жолундагы маанилүү окуя болуп калды жана элибиздин мындан ары өнүгүшүнө негиз салды.
Тʏркстан крайында Совет бийлигинин орношу менен улуттук чек араларды аныктоо маселеси келип чыкканы маалым. Бʏткʏл Союздук БАКтын 1920-жылы 27-августта “Түркстанды административдик жактан бɵлүштүрүү жɵнүндɵ” кабыл алган токтомунун негизинде Орто Азиядагы жооптуу кызматкерлердин улут маселесине арналган жыйыны ɵткɵн (январь, 1924-жыл). Анда И.Арабаев сөз сүйлɵп, кыргыздардын ɵз алдынча улут экенин, бирок алар улут катары эч жерде эске алынбаганын сындаган жана кыргыздар ɵз автономиясын түзүүсү керектиги тууралуу маселе кɵтɵргɵн. Бирок, бул жыйында аны колдогондор азчылыкты түзүп калып, кыргыздардын жери кыргыз, башкача айтканда, Казак Республикасынын алкагына киргизилери жɵнүндɵгү сунуш жактырылган.
Канткен менен 1924-жылы 14-октябрда Москвада ɵткɵн Бүткүл Союздук БАКтын 2-сессиясы Орто Азия элдеринин улуттук бɵлүнүшү жɵнүндɵ чечим кабыл алган. Ага ылайык, Кара-Кыргыз автономиялуу облусу РСФСРдин курамына киргизилген. Жаңы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун большевиктик-партиялык жетекчиси болуп М.Каменский, облустун ревкомунун тɵрагалыгына И.Айдарбеков бекитилген.
Мына, ошондон тартып кыргыз эли автономиянын алкагында өз тагдырын өзү аныктоого мүмкүнчүлүк алган. Бул процесс элибиздин мындан аркы саясий жана маданий калыптанышы үчүн чоң мааниге ээ болду. Тарыхта биринчи жолу кыргыздардын улуттук кызыкчылыктарына жооп берген административдик бирдик түзүлдү, бул социалдык, экономикалык жана маданий чөйрөлөрдө кеңири масштабдуу өзгөрүүлөргө түрткү берди.
Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун мааниси саясий автономияны камсыз кылууда гана эмес, кыргыз элинин маданий кайра жаралуусуна шарт түзүүдө да болгон. Билим берүүнүн, маданияттын жана илимдин өнүгүшүнө күчтүү дем берди, бул өлкөнү жаңы тарыхый шарттарда алдыга сүрө турган интеллектуалдык элитаны даярдоого мүмкүнчүлүк түздү.
Бүгүн артка карай көз чаптырсак, автономиянын түзүлүшү Кыргызстандын мындан аркы өнүгүүсү үчүн негиз болгонун түшүнөбүз. Бул тажрыйба биздин улут катары калыптанышыбыздын маанилүү этабы болуп калды, аны эсибизден чыгарбашыбыз керек жана заманбап кыйынчылыктарды жеңүү үчүн колдонуу зарыл. Ааламдашуу жана технологиялык өзгөрүүлөр жашообуздун бардык тармактарына таасирин тийгизип жаткан мезгилде тарыхыбызды жана маданий мурастарды сактоо өзгөчө маанилүү. Заманбап дүйнөдөгү ордубузду таанууга тарыхый тажрыйба гана күч-кубат бере тургандыгын унутпашыбыз керек. Тарыхты билмейинче, келечекти көрө билүү мүмкүн эмес деп айтылат. Калети жок таасын сөз. Анын сыңарындай, эртеңки жаркын келечегибиз үчүн ар бир кыргыз жараны өз тарых-таржымалын так билип, ата-бабаларыбыз түптөп кеткен мамлекетибизди көздүн карегиндей сакташы абзел