Урматтуу конференциянын катышуучулары, ардактуу коноктор!
Бүгүнкү генерал-майор Эргеш Алиевдин 120 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын үчүн өзгөчө мааниге ээ. Ал эми биз үчүн бул иш-чара өзгөчө маанилүү, анткени Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясы көрүнүктүү инсандын — кесипкөй, патриот, өз элинин чыныгы атуулунун ысымын сыймыктануу менен алып жүрөт.
Эргеш Алиевдин ысымы кыргыз милициясынын тарыхында алтын тамгалар менен түбөлүккө жазылып калды. Ал Кыргызстандын укук коргоо системасын калыптандырган инсандардын катарында туруп, мыйзамдуулук, адилеттүүлүк жана адеп-ахлактык жоопкерчилик принциптерин негиздеген.
Анын өмүр жолу – эрдиктин, жан аябастан мекенге берилгендик менен кызмат өтөөнүн үлгүсү. Улуу Ата Мекендик согуштун катаал сыноолорунан өтүп, ал коомго кызмат кылуу билим менен тажрыйбаны гана эмес, биринчи кезекте руханий туруктуулукту жана чынчылдыкты талап кыларын далилдеди.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясы милициянын генерал-майору Эргеш Алиевдин ысымын алып жүргөнү биз үчүн чоң сыймык жана терең мааниге ээ. Анын өрнөктүү өмүр жолу улуу муун менен жаңы муундун байланышын түзүп, тарыхты эске салып, ал карманган принциптерди дайыма эске салып туруучу көрүнүш.
Бүгүнкү күндө Академия анын ысымын алып жүргөн өзүнчө уникалдуу, билим берүүчү жана илимий борбор болуп эсептелет, ал өлкөнүн ички иштер органдары үчүн квалификациялуу адистерди даярдайт.
Биз мурдатан бери мыйзам кызматкерлери тарабынан негизделген салттарды сактап жана өнүктүрүүгө, илимий потенциалды арттырууга жана ар-намыс, милдет жана жоопкерчилик деген түшүнүктөр жөн гана сөз эмес, жашоо принциптери болгон жаңы адистерди калыптандырууга умтулабыз.
Бул конференцияны өткөрүү — улуу инсанга таазим кылуу гана эмес, ошондой эле Эргеш Алиевдин идеялары жана баалуулуктары заманбап укук коргоо органдарынын көйгөйүн чечүүдө кандайча таяныч боло аларын түшүнүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Анын өмүр жолу бизге мамлекеттин күчү мыйзамда гана эмес, ошол мыйзамдарды коргоп, адилеттик жана гуманизм идеалдарын жүзөгө ашырган адамда экенин эскертип турат.
Конференциянын бардык катышуучуларына улуу инсандын элесин сактоого жана бизди жаңы жетишкендиктерге шыктандырган илимий мурастарды өнүктүрүүгө дем бергениңиздер үчүн, кошкон салымыңыздар үчүн терең ыраазычылык билдирем.
Милициянын генерал-майору Эргеш Алиевдин элеси баарыбыз үчүн – курсанттарга, окутуучуларга, илимий изилдөөчүлөргө жана өлкөбүздүн укук тартибин жана коопсуздугун чыңдоо ишине кызмат кылгандарга мындан ары да шыктандыруучу булак болуп кала берсин.
Конференциянын ишине ийгилик каалайм!