Урматтуу кесиптештер, коноктор жана конференциянын катышуучулары!
Мен үчүн бүгүнкү милициянын генерал-майору Эргеш Алиевдин туулган күнүнүн 120 жылдыгына арналган бул маанилүү иш-чарада сөз сүйлөп жатканыма сыймыктанам, анын ысымы биздин өлкөнүн тарыхында жана ички иштер органдарынын кызматкерлеринин элесинде өзгөчө орунду ээлейт.
Эргеш Алиев жөн гана офицер жана жетекчи болгон эмес, ал чыныгы куруучу, кыргыз милициясынын башталышында турган, өз эмгеги, туруктуулугу жана өз үлгүсү менен мыйзамдуулуктун, тартиптин жана жоопкерчиликтин бекем негизин салган адамдардын бири болгон. Анын өмүрү Ата Мекенине кызмат кылуунун тирүү жылнамасы, кыргыз элинин эң мыкты сапаттары — эрдик, чынчылдык, эмгекчилдик жана өз ишине аябагандай берилгендиктин чагылышы.
Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин ар бир мууну ушундай инсандардан үлгү алышат. Бүгүн Эргеш Алиевди эскерип жатып, биз жөн гана анын элесине таазим кылбастан, анын — ак кызмат кылуу, мундирдин ар-намысын сактоо, милдетке жана адамдарга ишенимдүү болуу деген адеп-ахлактык убадасына кайрылып жатабыз.
Аталган конференциянын милициянын генерал-майору Эргеш Алиевдин атын алып жүргөн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясында өтүшү өзгөчө мааниге ээ. Бул жогорку окуу жайда кесиптик компетенттүүлүк гана эмес, кыргыз милициясынын өкүлдөрүн ар дайым айырмалап турган кызматтык деми да калыптанат. Бул жерде офицерлердин алгачкы муундары тарабынан түптөлгөн салттар сакталып, ошону менен бирге алардын ишин татыктуу уланта ала турган адистерди даярдоонун заманбап формалары өнүгүүдө.
Өзгөрүүлөрдүн жана жаңы чакырыктардын мезгили болгон, бүгүнкү күндө — тарыхый тамырыбызга берилгендикти сактоо, кесиптин руханий негиздерин бекемдөө, анын пайдубалын койгондорду эстен чыгарбоо өзгөчө маанилүү. Эргеш Алиевдин аты бул жөн гана тарых барагы эмес, бул моралдык ориентир, кызматтык милдеттин, эр жүрөктүктүн жана намыстын символу. Бул конференция Академиянын илимий жана коомдук турмушунда маанилүү окуя болуп, окумуштуулар менен практиктердин аракеттерин бириктирет, кадрларды кесиптик даярдоо жана тарбиялоо маселелерине жаңыча көз караш менен кароого, ички иштер органдарынын болочок кызматкерлеринде патриотизм жана укуктук аң-сезимди калыптандырууга мүмкүндүк берет деп ишенем.
Конференциянын бардык катышуучуларына Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарындагы билим берүү жана илим системасынын өнүгүшүнө өбөлгө түзүүчү ийгиликтүү иштерди, мазмундуу талкууларды жана жаңы идеяларды каалайм.