выступление Кубатова А.

«Кыргыз совет мамлекеттүүлүгүнүн түзүлүшү жана аны бекемдөөдө Э.Алиевдин ролу»

 Биз бул макалада Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калптанышына негизги салым кошкон кыргыз милициясынын алгачкы генерал-майору, Советтер союзунун III рангтагы генерал чинин алган Эргеш Алиев Алиевичтин 120 жылдыгына арналып жазылган. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Э. Алиев атындагы Академиясынын бүгүнкү кыргыз милициясынын калптанышына негизги салымын кошкон окуу жай болуп эсептелинет.  89 жаш өмүрүндө жана 40 жылдан ашуун кызматында кыргыз милициясына өзүнүн жаштыгын, күчүн арнаган ардагердин бала-чагындагы кыйынчылыктарын жана ошондой эле кыргыз милициясына кызмат өтөгөнүн берүүгө аракеттендик. Эргеш Алиевич бүгүнкү коомдун интелигенциясы катары мүнөздөлгөн милиция кызматкерлеринин улут атасы катары билүүсү керек демекчибиз жана бүгүнкү милиция кызматкерлеринин коом менен иштөө сый-урматка, улутчулдук сезимге ээ.

Негизги сөздөр: Жумушчу милиция, генерал-майор, Совет, Кенеш бийлиги, коом, кызматкер, Президент, жарлык.

Эту статью мы приурочили к 120-летию со дня рождения Эргеша Алиевича Алиева, первого генерал-майора кыргызской милиции, внесшего большой вклад в становление кыргызской государственности и получившего звание генерала 3-го ранга Советского Союза. Сегодня Академия МВД КР имени Э. Алиева считается учебным заведением, внесшим основной вклад в становление сегодняшней кыргызской милиции. Мы постарались передать трудности детства и служения ветерана, посвятившего свою молодость и силы кыргызской милиции на протяжении 89 лет своей жизни и более 40 лет службы. Эргеш Алиевич, которого характеризуют как интеллигенцию сегодняшнего общества, должен быть известен сотрудникам полиции как отец нации, и работа сегодняшних сотрудников полиции с обществом проникнута уважением и чувством национализма.

Ключевые слова: Рабочая милиция, генерал-майор, Совет, Советская власть, общество, служащий, Президент, указ. 

Ар бир эгемендүү мамлекеттин түзүлүшү жана өкүм сүрүшүнүн гаранттарынын бири бул укук коргоо кызматынын болушу, тагыраак айтканда 1924-жылы мамлекеттүүлүгүбүздүн түптөлүшү менен кыргыз милициясынын кызматы башталган, кылым каарыткан кыргыз милициясынын каадасы арткандыгына жалпы эл күбө. 2024-жылдын 24-июлунда №205 менен Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгына ылайык “Азыркы кыргыз мамлекетүүлүгүн түптөгөн улут аталары; И. Арабаев, И. Айдарбеков, А. Орозбеков, А. Сыдыков жана Ж. Абдрахмановдор жөнүндө” жарлыгы жарыяланды, анда 1924-жылдын 14-октябрында Советтер союзунун курамында журт аталарынын аракетинин негизинде түзүлгөн Кара-Кыргыз автономду областына жана азыркы мамлекеттүүлүгүнүн калптанышына эбегейсиз салымдарын кошкондуктары баса белгиленип, бааланды десек болот. Ошондой эле мамлекеттүүлүкө өзүнүн салымын кошкон кыргыз милициясынын алгачкы III рангтагы генерал-майору, тагдырдын дил мокоткон суук шамалы менен чогу үйдөн алыстаткан ачарчылык жан кейиткен балачагы 1905-жылы азыркы Жалал-Абад областына караштуу Сакал ды айылында башталган, Эргеш Алиевич өзүнүн өткөн чагын,  тарыхын мындайча эскерет:  “Жашым улам улгайып бара жаткан сайын колунан нанын, жүзүнөн күлкүсүн уурдаткан балалык кез, Улуу Октябрь менен кошо жаралган жаңы заман таңындагы окуялар, Совет бийлигин чыңдоо үчүн болгон күрөш, ага өзүмдүн аздыр-көптүр кошкон салымым, жалпы эле мына ошол үчүн кызмат өтөгөн соңку жылдар баары, баардык күн көз алдымда турганы турган. Улуу муундун өкүлү катары дал ошол тынчы жок азаптуу күндөр-тарыхка өз изин калтырып кеткен күндөр жөнүндө кийинки урпактарга эртеби, кечпи аңгеме куруп берүүм керек эле. Бирок тынчы жок кызмат, түрдүү шарттарга байланыштуу бул максатым кийикиге калтырылып келген болчу, эми жан сырымды баян этүүгө ниеттенип олтурам…” деп өзүнүн узаак жолун баяндап бергенин окуп алып кабыргам кайышып, Көзжамандагы “Көз айнек” байдын короосуна агасы Акмат экөөнүн алгачы малайлыкка атасы Али жамакчы ээрчитип алып барганы: “Эптеп аман болсоңор болду, ананайындарым! Тагдырдын тардыгы да, болбосо мен кантип эле силерди кашымдан чыгарайын, байкуштарым!” деген сөздөрү огош бетер зээнимди кейитти. Ал 1917-жылдагы Кыргызстанда түзүлгөн кеңеш бийлигин чыңдоого жана Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түзүлүшүндө жигердүү катышкандардын бири. 1927-жылдан 1930-жылга чейин Кызыл Армияга чакырылып, Кыргыз атчандар дивизионунда кызмат өтөп келген. 1934-жылдан 1941-жылдары милициянын Алай-Гүлчө, Базар-Коргон райондук башкармалыктын башчысы жана Тянь-Шань облустук башкармасынын башчысынын орун басары, Ош шаардык бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалап  Согуш жылдары эл комиссариатынын 107-аткычтар дивизиясынын бөлүмүнүн башчысы болуп турган кезинде, баарыбызга белгилүү кылмыш кылгандар өтө эле көп болуп кеткендигине байланыштуу алар менен күрөш алып баруу милиция кызматкерлеринин негизги милдеттери болгон. Ата Мекендик согуш мезгилинен кийин, тагыраагы  1946-1947-жылдары жылдары милициянын Ош дубандык башкармасынын башчысынын орун басары жана милициянын Жалал-Абад дубанынын башкармасынын зардалынын орун басары болуп эмгектенген.  Эргеш Алиевич  Ленин, Кызыл Туу, «Кызыл Жылдыз», «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Эргеш Алиевичтин кыргыз милициясында кызматы дээрлик жарым кылымга тете 40 жыл, 9 ай жана 17 күн  менен ар дайым формасын кийип жүрүүгө укуктуу болуп ардактуу эс алууга 1968-жылы чыккан.

Эргеш Алиевич кыргыз интелигенциясынын бир бөлүгү катары белгилүү болгон кыргыз милициясына өмүрүн арнаган инсан экенин белгилеп, бүгүнкү коомдун журт аталарынын катарына кошуу туура чечим болот беле деген ойдобуз.

“Милициянын башкы милдети-кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана өз элине ак дили менен кызмат өтөө!!!” болуп эсептелинет. Кыргыз милициясы Кара-Кыргыз Автономдуу облусунун түзүлүшү менен дароо түзүлгөн күч кызматы болуп эсептелинет, кылым каарыткан кыргыз милициясын түзүү зарыл экенин 1917-жылдын 16-декабрында Алаш ордо партиясынын сьездинде Кыргыз элинин интелигенти, алгачкы агартуучу Ишенаалы Арабай уулунун  айткан сөзүн баса белгилегим келип турат, анда “Күчтүү мамлекет түзүү үчүн элдик милицияны түзүү зарыл” деп белгилеп кеткен. 1924-жылдын 21-октябрында Кыргызстандын аймагында мамлекеттик бийликтин убактылуу органы ККАОнун Революциялык Комитети (төрагасы Иманалы Айдарбеков) түзүлгөн. Революциялык Комитеттин тутумунда аткаруу бийлигинин бөлүмдөрү жана анын ичиндеги Ы.Тойчинов башында турган административдик бөлүм да болгон. 1924-жылдын 1-ноябрында административдик бөлүмдүн башчысы Ы.Тойчинов өзүнүн отчётунда облустук милиция башкармалыгы иштей баштагандыгын, анын биринчи начальниги болуп А.П.Арумов дайындалгандыгын белгилеп кеткен. Ошондон баштап 1-ноябрь  Кыргыз милициясынын уюшулган күнү болуп калган.

Дал ошол 1924-жылдын 14-октябрында түзүлгөн автономдуу областтан кийин 1-ноябрь ошол эле жылы  бул бүгүнкү эгемендүү Кыргыз Республикабыздын Ички иштер министирлигинин ички иштер кызматынын кызматкерлеинин башкы милдети болуп эсептелинет

“Мен милиция үчүн төрөлгөм”, “Биз милициядан кетсек да, милиция бизден кетпейт”, Сталиндик репрессия. 1930-жылдары милиция кызматкерлери күжүрмөн постто гана эмес, больщевиктик жетекчиликтин ортосундагы бийлик талашуу мезгилинде да репрессияга дуушар болушкан. Ал кезде ички иштер органдарынын кызматкерлери үчүн өз ара шектенүү, аңдышуу кадыр эсе көрүнүш болуп калган. Саясий шимшүүлөр милиция кызматкерлерин негизги милдеттен алагды кылган. 1938-жылдын башында Нарын, Ат-Башы, Жети-Өгүз, Базар-Коргон, Чаткал. Кочкор жана башка бир катар райондук бөлүмдөрдөн 100дөн ашуун милиция кызматкерлери камакка алынып, аларга ойдон чыгарылган «контрреволюциячыл социал-туран» партиясына мүчө деген жалаа жабылган. Республикада Совет бийлигин кулатууну көздөшкөн деп айыпталган жазыксыз милиционерлердин арасында жумушчу-дыйкан милициясынын башкармасьнын жетекчилери, бөлүмдөрдүн начальниктери, орто, кенже курамдагы начальниктер, катардагылар болгон. Сурак жана сот процесстери алдын ала түзүлгөн схема боюнча жүргүзүлүп, жасабаган кылмыштарын мойнуна алдырышкан. 1938-жылдары Балыкчы, Нарын,Токмок, Каракол шаардык милиция бөлүмүнүн жетекчилери жазыксыз атылып кеткен. Бул суроо баарыбыздын жүрөгүбүздү өйүп келатат. Бирок өзүңүздөр билесиздер, Союздун тушунан бери эле эл милицияга ар кандай көз караш менен карап, ар кандай баалап келе жатат. Бирөө жакшы көрөт, бирөө жаман көрөт. Анткени биздин ишибиз ошондой.
Айрым кызматкерлердин кесиптик деңгээлинин начардыгынан, өзүнүн кызмат абалынан аша чаап пайдаланып кеткенинен, укуктук маданиятынын аздыгынан, атуулдарыбызга туура эмес мамиле жасаганынан ушундай терс пикирлер пайда болот. Ошентсе да 2005-жылы март окуясында милиция бир жума иштебей калган, ошондо эл өзү «иштегиле» деп өтүнгөн учурлар болгон. Айрым кызматкерлерибизди иштете баштаганыбызда карапайым эле адамдар “милиция балдарга бергиле, жесин” деп жанында болгон акчасына нан, лимонад сатып келип беришкен. Ушундан эле милиция менен элдин бири-биринен ажырагыс экенин байкоого болот. Кыргызстандын эгемен тарыхындагы ири нааразылык акцияларда, бийлик алмашуу менен аяктаган ыңкылап, төңкөрүштөрдө жана саясий тирештердеги эл менен кагылыштарда бир нече милиция кызматкери набыт болгон, айрымдары оор жараат алган жана катуу сабалган учурлар дагы катталган. Курманкулов Самат: «Саясат деген балекет турбайбы милициялардын башын аттап кетеберет экен да, карабайсызбы эми бир саясатчы бир саясатчы менен тирешип бизди салып берди да». «Биз деген эми, милициялар буйрукту аткарабыз да, тигинин милициясы же мунун милициясы деп бөлбөш керек да, милицияны курал кылбаш керек да», “биз деле элден чыкканбыз, элдин арасынан чыкканбыз да, биздин максатыбыз, милдетибиз элди коргоо” деген. Бүгүнкү коомдогу кыргыз милициясынын деңгээлин көрүүгө болот