Саламатсыздарбы урматтуу бүгүнкү конференциянын катышуучулары, ардактуу ардагерлер, кесиптештер жана коноктор!
Кыргыз милициясынын тарыхында алгач генерал наамына ээ болгон улуу инсан Эргеш Алиевич Алиевдин 120 жылдыгына арналган илимий иш-чарада сиздер менен жолугуп жатканыма терең кубанычтамын. Бул күн келечектеги тартип сакчыларын даярдаган жалгыз жогорку окуу жай — Академия үчүн гана эмес, жалпы кыргыз милициясы үчүн да маанилүү тарыхый күн. Анткени Эргеш Алиевдин өрнөктүү өмүр жолу, анын элдин бейпилдигин сактоодогу жасаган иштери, өтөгөн кызматы биз үчүн жана өсүп келе жаткан жаш муундар үчүн үлгү жана улуттун сыймыгы.
Мамлекетибиздин түптөлүү жана өнүгүү жолунда, кылмыштуулук менен күрөшүүдө алдыңкы катарда туруп, эрдик, тайманбастык жана күжүрмөндүктү көрсөткөн ички иштер органдарынын кызматкерлеринин сап башында туруп, аты тарыхта алтын тамгалар менен жазылып калган Эргеш Алиевдин орду өзгөчө. ИИОдо 40 жылдан ашык кызмат өтөгөн, катардагы жоокерден “Милициянын 3-рангдагы комиссары” наамына жеткен тунгуч генералдын бай тажрыйбасын ар бир кызматкерге, жаштарга жеткирүү — биздин негизги милдет. Анткени анын өмүр жолу: падыша империясынын кулашы, совет доорунун орношу, басмачылык менен күрөшүү, кыргыз милициясынын түптөлүшү жана бекемделиши, Улуу Ата Мекендик согушту, эл чарбасын калыбына келтирүүнү, СССРдин таркашын, эгемендүү Кыргыз Республикасын түзүлүшүн камтыган өзүнчө бир доор.
Тарых барактары тастыктагандай милиция дайыма коопсуздуктун жана туруктуулуктун гаранты, укук тартибин камсыз кылуу менен кылмышка каршы күрөшүүнү уюштуруучу күч болгон. Кандай гана учур болбосун билим менен кесипкөйлүккө таянып, элди, анын укуктары менен эркиндиктерин коргогон, мамлекеттин ички тартибин сактаган, элдин ишенимине ээ болгон милиция кызматкерлерин даярдоо үчүн улуу муундун басып өткөн тарыхын келечекке сабак кылып, мындан ары өнүктүрүүгө бүгүнкү илимий иш-чара зор салымын кошот деп ишенем.
Милициянын генерал-майору Эргеш Алиевдин көзү өтсө да өрнөктүү өмүр жолу али узак жашаары баарыбызга маалым. Анын ысымы мындан ары да бизди жакшы иштерге жана элине берилгендик менен кызмат кылууга шыктандырсын.
Бардык конференциянын катышуучуларына ийгилик каалайм.