Урматтуу конференциянын катышуучулары, кадырлуу коноктор!
Бүгүн менин таятам, 3-рангдагы милициянын биринчи кыргыз комиссары Эргеш Алиевдин элесине арналган бул маанилүү иш-чарага катышуу мен үчүн чоң сыймык.
Бул күн илимий жана тарыхый мааниге гана ээ болбостон, мен үчүн өзгөчө мааниге да ээ. Анткени анын жаркын элеси биздин үй-бүлөбүздүн эсинде, ошондой эле өлкөбүздүн укук тартибин түзүүдө анын зор салымын баалаган адамдардын жүрөгүндө дайыма жашап келет.
Эргеш Алиев кыргыз милициясынын тарыхында өчпөс из калтырган инсандардын катарына кирет. Улуттук укук коргоо органдарынын калыптаныш доорунда ал милициянын ишин уюштурууга, кызматкерлердин кесиптик жана адеп-ахлактык маданиятын тарбиялоого өзгөчө салым кошкон.
Ал мамлекетке кызмат өтөөнү, адамдарга болгон терең урмат-сый менен айкалыштыра билген жана дал ушул сапаттары анын мурасын бүгүнкү күнгө чейин маанилүү кылып турат.
Менин таятам жөн гана офицер эмес, ал жаратман адам болгон. Анын өмүр жолу кесипкөйлүк менен кызматтык милдет кантип жогорку моралдык баалуулуктар, мекенге болгон сүйүү жана элге кам көрүү менен айкалышарын даана көрсөткөн үлгү болду. Ал чыныгы мекенге берилгендик даража же кызмат орду менен эмес, моралдык принциптерди сактоо, эң татаал кырдаалдарда жооптуу чечимдерди кабыл алуу жөндөмү менен өлчөнөрүн далилдеген.
Бүгүнкү конференция — бул улуу инсандын элесине таазим кылуу гана эмес, ошондой эле Эргеш Алиевдин руханий жана кесиптик мурасын тереңден түшүнүүгө чоң мүмкүнчүлүк берет.
Анын идеялары, баалуулуктары жана жашоо принциптери бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын ишинде, окутуу жана илимий изилдөө иштеринде, ошондой эле коомго кызмат өтөөнү ыйык милдет деп билген жаш адистерди тарбиялоо процессинде сакталып келүүдө.
Э. Алиев фондунун жетекчиси катары мен анын элесин сактоо, жаңы муундарга анын тажрыйбасын, принциптерин жана адеп-ахлактык туруктуулугун үйрөнүүгө жана өздөштүрүүгө жардам берген демилгелерди колдоо үчүн өзгөчө жоопкерчиликти сезем.
Бүгүн биз илим менен практикалык тажрыйбаны бириктирүү аркылуу Эргеш Алиевдин мурасы юристтерди, окумуштууларды, офицерлерди жана изилдөөчүлөрдү ак ниет кызмат өтөөгө жана адилеттүүлүктүн бийик идеалдарына берилгендикке шыктандырып турушу үчүн аракеттенүүдөбүз.
Бул күн баарыбыз үчүн илимди, укук тартибин жана адеп-ахлактык тарбияны андан ары өнүктүрүүгө шыктандыруучу жана түрткү берүүчү булак болсун. Менин таятамдын элеси кесипкөйлүк, жарандык жоопкерчилик жана жеке ар-намысы күчтүү жана адилеттүү коомду кантип түзөрүнүн жандуу үлгүсү.
ИИМдин Академиясына жана конференциянын бардык катышуучуларына активдүү иш-аракеттери, улуу инсан жана чыныгы кыргыз жаранынын мурасын сактоо жана өнүктүрүүгө болгон умтулуусу үчүн терең ыраазычылык билдирем. Бүгүнкү конференциянын жыйынтыктары илимдин өнүгүшүнө, укук тартибин чыңдоого жана мекенге кызмат кыла билген жаңы адистерди тарбиялоого салымын кошсун.