Бөрүбашов Бекбосун Ишенбекович

Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи, Кыргыз  Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, юридика илимдеринин доктору, профессор

Урматтуу илимий-практикалык конференциянын катышуучулары!

         Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгы мамлекеттик деңгээлде белгиленип, өткөн тарыхыбызга, басып өткөн жолубузга дагы бир ирет саресеп салып, баалуулуктарына токтолуп, тарых сүртүмдөрүн эске салып, жер-жерлерде ар кандай иш-чаралар өткөрүлүп жатат. Ошондой иш-чаралардын катарын толуктаган бүгүнкү илимий-практикалык конференцияга катышып, сөз сүйлөп жаткандыгым мен үчүн сыймык. Анткени бул иш-чараны келечектеги мамлекеттик кызматкерлерди даярдап, билим берип жаткан ИИМдин Академиясы өткөрүп жаткандыгы маанилүү.

         Учурдан пайдаланып бүгүнкү илимий-практикалык конференциянын уюштуруучуларына, окуу жайдын жалпы жамаатына, билим уясынын курсант-студенттерине ыраазычылыгымды билдирем.

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдык мааракеси быйыл белгилене турганын өлкө башчы Садыр Жапаров былтыр 7-8-ноябрь- Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата жасаган кайрылуусунда билдирген.   Бүгүнкү конференция дагы өзгөчө маанидеги – Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналып, бир кезде жоголгон кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жанданышын белгилеп жатабыз.   Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшү менен бир нече майда облусттар боюнча ажыраган кыргыз жерлери бир бүтүндүккө бириктирилип, ар тараптан өнүгүүгө, эне тилди сактап, аны мамлекеттик башкарууда колдонуу жана автономиялуу республикага айланууга өбөлгө түзүлгөн. 

Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков жана Ишеналы Арабаев сыяктуу кыргыздын каймактары жана чыгаан ишмерлерибиздин тобу советтик түзүмдөрдүн алкагында кыргыздарга өз алдынчалыгын берүү боюнча иштерди жүргүзүп, улуттук автономияны түптөөгө умтулушкан. Кыргыз мамлекеттүүлүгүн кайра калыбына келтирүүнү көздөгөн кыргыздын саясий элитасы бул тарыхый процессте улуттук кызыкчылык үчүн жанын аяган эмес. Натыйжада 1924-жылдын 14-октябрында Кара-Кыргыз автономиясы Россиянын курамына кошулуп, кыргыздар көз карандысыздыгын сактап калган.

Абдыкерим Сыдыков менен Ишеналы Арабаев маданият жана билим берүүнүн өнүгүшүнө зор салым кошушту.  Алсак, А.Сыдыков Нарын жана Ысык-Көл уезддеринде мектептердин ачылышына, элдин сабатсыздыгын жоюуга жана 1924-жылы туңгуч “Эркин-Тоо” газетабыздын ачылышына да катышып, анын биринчи санына “Эл жана сарамжал” деген макаласы жарыяланган. Ал эми алгачкы агартуучулардын катарын толуктаган Ишеналы Арабаев, кыргыз элинин сабатсыздыгын жоюуга жана маданият менен билим берүү системасынын өнүгүшү үчүн көп иштерди аткарган. Ошондой эле ал биз сыймыктанган “Манас” эпосун кагаз бетине жазып алуу иштеринин демилгечиси болуп, улуу манасчы С.Орозбаковдун варианты кагаз бетине түшүрүлгөнүн билебиз. Демек, улут аталарыбыздын жогорудагыдай жасаган эмгектерин баалап, таразалап,    өткөндүн сабактарына таянуу менен улуттук өзгөчөлүгүбүздү сактап, бекемдешибиз керек. Ата-бабаларыбыздын эмгегин эскерүү бизге биримдикти сактоого жана заманбап шарттарда өнүгүүгө жардам берет. Конференциянын катышуучуларынын ишине ийгилик каалайм