Асаналиев Тилек Асаналиевич

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Бишкектеги милициянын жогорку мектебинин экс-жетекчиси, юридика илимдеринин доктору, профессор,

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи, милициянын отставкадагы генерал-майору

Урматтуу конференциянын катышуучулары, кесиптештер!

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган бул маанилүү иш-чарада сиздер менен жолукканыма кубанычтамын.  Бул тарыхый учур кыргыз элинин тагдырындагы жаңы этаптын башталышы болуп, саясий, маданий жана социалдык өз алдынчалыкка жол ачты.

1920-жылдары Орто Азияда азыркы Өзбекстан, Казакстан жана Түркмөн союздук республикалары түптөлө баштаган. Кыргыздардын казак менен өзбек элине сиңип кетүү коркунучу жаралган. Ишеналы Арабаев, Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Турдалы Токбаев, Касымбай Телтаев жана Жусуп Абдрахманов сыяктуу кыргыздын каймактары жана башка чыгаан инсандар биргелешип улуттук автономияны түптөөгө умтулушат. Кыргыз мамлекеттүүлүгүн кайра калыбына келтирүүнү көздөгөн кыргыздын саясий элитасы бул тарыхый процессте улуттук кызыкчылык үчүн жанын аяган эмес. Алардын өмүрү ушул максат үчүн кыйылды. “Атын атаса, куту сүйүнөт”-деп кыргыз элибиз бекеринен айткан эмес. Мына ошондуктан биз өз заманынын каармандарын айтып, улут алдында өтөгөн кызматын баса белгилеп жүрүшүбүз керек. Натыйжада, 1924-жылы 14-октябрда Кара-Кыргыз автономиясы Россиянын курамына кошулуп, кыргыздар көз карандысыздыгын сактап калган, эгемен Кыргызстандын өбөлгөсүн түптөгөн.

Автономияны түзүү менен байланышкан тарыхый процесстер элдин өзүнүн иденттүүлүгүн жана өз алдынчалыгын сактоого карата болгон күчүн жана эркин көрсөттү.

Автономия саясий жана экономикалык өнүгүүгө гана негиз салбастан, кыргыз элинин маданий салттарын сактоодо негизги ролду ойногонун белгилей кетүү маанилүү. 1920-жылдары башталган улуттук кайра жаралуу кыргыздардын маданий иденттүүлүгүн жана улуттук аң-сезимин калыптандыруудагы маанилүү этап болуп калды. Автономиялык аймак адабияттын, искусствонун жана илимдин гүлдөшүнө алып келген маданий жана илимий ишмерлердин борборуна айланды.

Бүгүнкү иш-чаранын актуалдуулугу – биз кайрадан түпкүлүгүбүзгө жана башатыбызга кайрылганыбызда. Улуттук иденттүүлүктү жана эгемендүүлүктү сактоо маселелери курчуп бараткан ааламдашуу заманында өткөндүн сабактарын эстеп калуу абдан маанилүү. Ал гана эмес Кыргыз Республикасынын Президенти С. Жапаров: “Басып  ɵткɵн тарыхыбызда кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кайра жаралуусун, анын түптɵлүшүнүн оңойго турбаганын кийинки муун сɵзсүз билиши зарыл”,- деп атайын жарлык да чыгарган. Мамлекет жана мамлекеттүүлүк, анын ичинде суверендүүлүк деген түшүнүктɵр туш келди эле колдонулуп жаткан азыркы кырдаалда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүүсүн Кыргыз Республикасынын, эгемендʏʏ кыргыз мамлекетинин түзүлүүсүнүн эң алгачкы башаты катары кароого тийиш экендигибизди эске алуу абдан зарыл. Мына ушул темага арналган бүгүнкү иш-чара кыргыз элинин улуттук аң-сезимин бекемдөөгө жана тарыхый эстелигин сактоого маанилүү салым кошот деген ишеничтемин