Айдаркул Каана

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Кыргызстандын тарыхы жана этнология кафедрасынын профессору, тарых илимдеринин доктору, профессор

Урматтуу кесиптештер, илимий-практикалык конференциянын катышуучулары!

Ушундай эң маанилүү жана орчундуу иш-чарага Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган конференцияга чакыргандыгыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем. Бул иш-чара элибиздин тарыхында маанилүү этап болуп саналат, анткени кыргыздардын казак менен өзбек элине сиңип кетүү коркунучу жаралган. Ал эми биздин бүгүнкү маанилүү күндү түзгөнгө салымдарын кошкон Ишеналы Арабаев, Жусуп Абрахманов, Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Абдыкадыр Орозбеков, Баялы Исакеев, Турдалы Токбаев жана Касымбай Телтаев сыяктуу кыргыздын каймактары жана башка чыгаан инсандар биргелешип улуттук автономияны түптөөгө умтулушкан. Кыргыз мамлекеттүүлүгүн кайра калыбына келтирүүнү көздөгөн кыргыздын саясий элитасы бул тарыхый процессте улуттун кызыкчылыгы үчүн жандарын аяшкан эмес. Натыйжада 1924-жылы 14-октябрда Кара-Кыргыз автономиясы Россиянын курамына кошулуп, кыргыздар көз карандысыздыгын сактап калган, эгемен Кыргызстандын өбөлгөсүн түптөгөн эң маанилүү даталардын бири болуп саналат.

1924-жылы Кара-Кыргыз автономиялуу облусу түзүлгөндөн бери кыргыз эли өзүнүн мамлекеттик системасын түзүүгө жана башкарууга мүмкүнчүлүктөрдү ачкан жаңы багытты көздөп,  өзгөрүүлөрдүн жана реформалардын мезгили болуп, эл дүйнөлүк өнүгүү шартында өзүнүн инсандыгын сактап калууга аракеттенишкен. Түзүлгөн Кара-Кыргыз автономиялуу облусу кыргыз эли үчүн бурулуш учур болду десек да жаңылышпайм.  Көп кылымдар бою кыргыз эли өз маданиятын, тилин, үрп-адаттарын, каада-салтын, ар-намысын   сактоого умтулуп келген. Ал эми автономия кыргыз элинин мындан ары республиканын пайдубалынын түптөлүп, өнүгүп-өсүшүнө, өз иштерин өзү укуктуу башкарууга, ошондой эле өзүнүн маданиятын, тилин, улуттук баалуулуктарын, каада-салтын, нарк-насилин, салт-санаасын,  үрп-адаттарын  өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берди.

Кыргыздар үчүн бул мезгил улуттук баалуктардын, аң-сезимди жана элибиздин мындан аркы өнүгүшүндө эң маанилүү роль ойногон мамлекеттик институттарды калыптандырууга негиздерди түздү.

Автономия түзүү процесси жөнөкөй жана оңой болгон эмес, ал өзүнүн саясий мейкиндигин таануу жана түзүү аркылуу гана элдин туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууга болорун түшүнгөн көптөгөн адамдардын аракетин жана саясий эркин талап кылды. Бул кадам кыргыз элине тарыхый процесстин субъектиси болууга мүмкүнчүлүк берип, ага өз тагдырын өзү аныктоо жана өз тагдырын өзү чечүүгө катышуу укугун камсыз кылды.

Бүгүнкү конференция азыркы учурдун заманбап чакырыктардын шартында, тарых бизге берген сабактарды эстен чыгарбай,  тарыхыбызда өткөн факт гана эмес, биримдиктин, эркиндикке умтулуунун, ар-намыстын, улуттук баалуулуктардын, каада-салттын, маданиятын, тилин, нарк-насилин, салт-санаасын,  үрп-адаттарын   урматтоонун маанилүүлүгүн эске салган элемент катары кароого болот. Тарыхыбызды жана тамырыбызды билүү менен гана алдыга кадам таштай алабыз. Бүгүнкү иш-чара элибизге, өсүп келе жаткан муунга тарыхый процесстерибизди түшүнүүгө, билүүгө жана улуттук иденттүүлүктү бекемдөөгө карай жаңы, жемиштүү кадам болуп калсын