Абитов Тариель Таштанович

Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Э.Алиев атындагы Академиясынын башчысы

милициянын генерал-майору

Урматтуу конференциянын катышуучулары, урматтуу кесиптештер!

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата өткөрүлүп жаткан  баарыбыз үчүн маанилүү иш-чарага, илимий-практикалык конференцияга кош келиңиздер.  1924-жылдын 14-октябрында болгон бул окуя кыргыз эли үчүн жаңы доордун башталышы болгон. Мурдагы Россия империясынын аймагында болуп жаткан дүркүрөгөн өзгөрүүлөр менен элибиз маданий жана саясий жактан өз тагдырын өзү аныктоо укуктарын жарыялай алды.

Автономиялуу облустун түзүлүшү Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Ишеналы Арабаев сыяктуу бир катар тарыхый инсандардын талыкпаган эмгегинин натыйжасы болду.  Бул адамдар кыргыздарды улут катары таануу үчүн гана күрөшпөстөн, бүгүнкү күндө биз билген мамлекеттик системанын пайдубалын түптөшкөн.

Абдыкерим Сыдыков автономия түзүүнүн башкы демилгечилеринин бири болгон, анын эл аралык аренадагы дипломатиялык аракеттери улуттук маселелерди чечүүгө зор салым кошкон.

Жусуп Абдрахманов негизги саясий лидерлердин бири катары аймактын экономикалык өнүгүүсүндө негизги ролду ойногон. Анын дал ушул  агрардык реформа жаатындагы демилгелеринин аркасында айыл чарбасы үчүн пайдубалы түптөлдү, ал азыркыга чейин Кыргызстандын экономикасынын маанилүү сектору болуп саналат.

Кыргыз жазуусунун жана билим берүүсүнүн өнүгүшүнө Ишеналы Арабаевдин салымы зор. Ал билим берүү системасы болбосо, күчтүү улут түзүү мүмкүн эмес экенин түшүнгөн. Анын реформаланган араб алфавитинин негизинде иштелип чыккан “Кыргыз алиппеси” китеби сабатсыздыкты жоюунун негизги куралы болгон.

Бул иш-чаранын өткөрүлүшү биздин азыркы мамлекет үчүн абдан маанилүү. Бул мезгилдин татаалдыктарына жана тоскоолдуктарына карабастан, кыргыз элинин лидерлери улуттук өзгөчөлүктү сактап гана тим болбостон, андан ары өнүгүү үчүн негиз сала алгандыгын белгилей кетүү маанилүү. Ал эми бүгүн, ошол тарыхый мезгилге көз чаптырсак, алар жайылткан идеялар бүгүнкү күндө да актуалдуу экендиги түшүнүктүү болуп отурат.

Бүгүнкү иш-чарабыздын актуалдуулугу өзгөчө көрүнүп турат, анткени глобалдашуу жана маданий өзгөрүүлөр менен биз улуттук өзгөчөлүгүбүздү сактап калуу менен заманбап чакырыктарга ыңгайлашуунун ортосундагы тең салмактуулукту издейбиз. Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун жаралуу тарыхы өз тамырыбызды аңдап билүү жана сактоо аркылуу гана алдыга ишенимдүү кадам таштай ала тургандыгыбызды  эсибизге салат. Конференциянын бардык катышуучуларына жемиштүү талкууларды, жаңы идеяларды жана жалпы тарыхый жолубузду терең түшүнүүнү каалайм. Бул форум пикир алмашуу жана өлкөбүздүн мындан аркы өнүгүүсүнө өбөлгө боло турган чечимдерди чыгаруу үчүн аянтча болуп калсын.