Абдылдаев Мыктыбек Юсупович

Элдик курултайдын катчылыгынын жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

экс-депутаты, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи,

юридика илимдеринин кандидаты,

милициянын отставкадагы генерал-лейтенанты      

Урматтуу конференциянын катышуучулары!

         Эң оболу, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жетекчилиги менен учурашып жатып, ИИМдин Академиясына ушундай маанилүү иш-чараны уюштуруп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирем. Анткени кыргыз элинин тарыхындагы эң маанилүү окуялардын бири болгон Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн бир кылымдык мааракесин белгилөө үчүн чогулуп жатабыз. Бул тарыхый окуя учурдагы эгемендүү Кыргыз Республикасынын түзүлүүсүнүн эң алгачкы башаты болуу менен бирге кыргыз элинин саясий жана маданий жактан өз тагдырын өзү аныктоо үчүн   кылымдардан берки күрөшүүнүн башталышы. Тарых барактарында белгилүү болгондой 1924-жылдын 14-октябрында Кара-Кыргыз автономиялуу облусу түзүлүп,  көптөн күткөн көз карандысыздыкка карай алгачкы кадам таштоо менен бирге эле  тарыхыбыздын багытын түбөлүккө өзгөрткөн окуя болгон.  Бул кадам кыргыз эли үчүн автономия түзүү идеясына өмүрүн арнаган көрүнүктүү ишмерлердин биргелешкен аракетинин натыйжасы эле. Алардын баа жеткис салымы Кыргызстандын саясий, экономикалык жана маданий өз алдынчалыгын өнүктүрүүнүн өбөлгөсү болду.

         Ысымдары тарых барактарында ташка тамга баскандай сакталып калган негиздөөчү аталарыбыз уникалдуу мурас калтырышты. Бул адамдар автономиянын административдик жана башкаруу структураларын куруп гана тим болбостон, бүгүнкү күндө коомубуздун негизи катары кызмат кылып келе жаткан билим берүүнүн, маданияттын жана мыйзамдардын өнүгүшүнө шарт түзүштү.  Алардын көрөгөчтүгүнүн жана өжөрлүгүнүн аркасында кыргыз эли өз келечегин автономия, андан кийин эгемендик шартында курууга мүмкүнчүлүк алды.

         Бүгүнкү конференциянын мааниси абдан жогору. Ал бизге маанилүү тарыхый окуяларды эске салып гана тим болбостон, азыркы замандын шартында алардын актуалдуулугу жөнүндө ой жүгүртүүгө да мүмкүнчүлүк берет. Глобалдашуунун тушунда жана дүйнөнүн өтө тездик менен өзгөрүшүнүн натыйжасында, биз тарыхый тажрыйбанын маанилүүлүгүн түшүнүүнү талап кылган жаңы милдеттерге туш болуп жатабыз. Өткөндү түшүнүү менен гана биз бир кылым мурун калыптанган баалуулуктарга таянып, туруктуу келечекти кура алабыз.  Кыргыз элинин маданий жана саясий өзгөчөлүгүн сактоо-биздин жалпы милдетибиз. Автономиянын башатында турган ата-бабаларыбыз биримдик, өз тарыхын билүү жана улуттук өз тагдырын өзү аныктоого умтулуу гана ийгиликтүү өнүгүүнүн негизи боло аларын көрсөтүшкөн. Алардын бул тажрыйбасынан сабак алып, азыркы заманбап шартта колдонушубуз керек.

         Ата-бабаларыбызды жана алардын эрдиктерин эскерүүгө арналган бул күнү мамлекетибиздин келечеги кандай болорун да ойлонушубуз керек. Алардын эмгектери биз үчүн келечекке жол көрсөтүп, бүгүнкү күндө туш болгон кыйынчылыктарга жооп издөөгө жардам берет.          Конференциянын бардык катышуучуларына жемиштүү дискуссияларды каалайм жана бүгүнкү талкуулар биздин тарыхый мурасыбызды сактоого салым кошуп, коомубуздун мындан ары өнүгүшүнө негиз болсун