Доклад Мураталиева М.К.

Көп жылдар бою Ички иштер министрлигинин Академиясы укук тартибин сактоо жаатындагы билимдин жана тажрыйбанын пайдубалын түзгөн, укук коргоо тармагындагы кадрларды даярдоодо жана илимий изилдөөдө негизги ролду ойногон окуу жай. Ааламдашуу доорунда  заманбап талаптарга жооп берүүчү ийгиликтүү ишмердүүлүгү, профессордук- окутуучулук курамдын ишке болгон ийкемдүү жана чыгармачылык мамилесинин натыйжасында өлкөнүн жогорку окуу жайларынын арасындагы лидерлердин бири катарында жаштар арасында чоң абройго ээ болгон ИИМдин Академиясында кылымдар бою калыптанган, атадан балага, укумдан тукумга берилип келе жаткан, элибиздин өзүнө гана таандык болгон улуттук наркын аныктоого, изилдөөгө жана жайылтууга багытталган бул форумдун өтүп жатканы кубандырбай койбойт.

Улуттун тарыхый таржымалын иликтөө, элдик каада-салттарды жандандыруу, үй-бүлө институтун сактоо сыяктуу олуттуу маселелер алдыбызда турганда, жапа тырмак киришип, кыргыз элинин кылымдарды карытып келе жаткан өзүнүн салттык түптүү, каны-жаны менен бүткөн нарк-насилин жаш муундарга үйрөтүп  айта жүргөнүбүз туура деп ойлойм.

Кээ бир мезгилдерде башка бир элден түзүлгөн атайын күчтөр, атайын иш-аракеттер тарабынан жергиликтүү элге каада-салтты колдонууга тыюу салынып, улуттук нарк – «эски замандын калдыгы», «зыяндуу, керексиз» делинип атайын унуткарылган учурлар болбой койгон эмес. Убагында ушул маселелер өтө орчундуу болуп, заманыбыздын улуу жазуучусу, даанышманы Чыңгыз Айтматовдун да көңүл борборунда болуп келген. Ал өзгөчө совет доору менен кошо келген этномаданиятыбыздагы өзгөрүү, бурмалоолорду даана көрө билип, ага жараша өз көз карашын, пикирин чыгармаларында берип кеткен.

Кыскача айтканда, кыргыз эли өзүнүн кылымдарды карыткан тарыхында, бул жарыкчылыкта адам болуп, атуул, жаран болуп жашоого жол көрсөткөн моралдык-этикалык дөөлөттөрдүн, адептик-ыймандык нарктардын бүтүндөй бир системасын иштеп чыккан. “Чоң аталардын жана чоң энелердин наркы күнүмдүккө эмес, түбөлүктүүлүккө багытталган. Тарыхый тажрыйба адам пендесинин турмушундагы жаңылыкка караганда, ар дайым кайталанып, кайра келип турган түбөлүктүү, түптүү нерселер көбүрөөк экенин күбөлөп турат. Мына ошондуктан, жаңылыктардын артынан кубалайм деп отуруп, кылымдап калыптанган “ак чач” нормаларды, эрежелерди унутуу опурталдуу экенин эскерткибиз келет” деген терең ой эске түшөт. Биздин алдыбызда азыртадан мына ушундай жоболоңдуу жосундардан арылуу милдети турат. Алардын баары убактылуу нерсе экенин убакыт көрсөттү. Акыры анын баарын кимдир бирөө тарабынан таңууланбаган, тээ көңүл түпкүрүнөн сызылып чыккан элдин адеп-ахлактык эрки, руханий күч-кубаты жеңет деп ишенем.