Доклад Кендирбаевой Д.Ш.

          Саламатсыздарбы урматтуу, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Э.Алиев атындагы Академиясы уюштуруп жаткан “Нарктуу коом-улуттун жүзү” аттуу  форумдун катышуучулары!

         Кыргыз Республикасы эгемендүүлүккө жетишип, демократиянын ачык жолуна түшкөн мезгилден тартып, өлкөдө эркин, ачык саясат жүргүзүлүп, анын натыйжасында чет өлкөлүк түрдүү уюмдар, анын ичинде радикалдык, экстремисттик диний уюмдардын идеологиясы жайылтылып, элдин калың катмарына сүңгүп кире баштады. Диний агымдар асыресе жаштарды өздөрүнө имерип, көз караштарын таңуулай башташты. Динге ашыкча фанат болуу – кыргыздын каада-салтына, улуттук наркына, иденттүүлүгүнө карама-каршы келип, өлкөбүздө диний чатактардын пайда болуу коркунучуна алып келди. 2014-жылы Коопсуздук кеңешинин чечими менен “Дин маданиятынын тарыхы” сабагын окуу программасына киргизүү маселеси каралып, 2017-жылы Өкмөттүн Токтому чыккан. Анын негизинде Кыргызстандын бардык орто билим берүүчү мектептеринде  2022-2023-окуу жылынан тарта “Дин маданиятынын тарыхы”сабагы окутула баштады.

         Бул предмет заманбап илимий методикалык ыкмаларга негизделип, биздин өлкөдөгү салттуу диндер жөнүндө билим берүү, окуучулардын дүйнөнү,  маданиятты жана адамдын руханий жашоосун таануусуна жардам берип, салттуу диндердин негиздерин билүү, улуттун өзүн таанууну калыптандырууда, колдоодо жана сактоодо, экстремизм идеологиясын жана сабырсыздыкты алдын алууда маанилүү ролду ойнойт. “Дин маданиятынын тарыхы” сабагы аркылуу балдарга мектепти бүткөнгө чейин эле улуттук жана диний баалуулуктар окутулуп, мамлекеттин көзөмөлүндө жаңы муунду тарбиялоо максаты коюлган.

Муну менен эмнени айткым келет? Дин менен салт эч качан бири-бирине душман эмес, бири-бирин жерибейт дагы. Салттуу дин менен элдин улуттук наркы бири-бирин толуктап, эриш-аркак жүрүшү керек.

         Кыргыз эли эзелтен эле ислам дини менен кошо кереметтүү адеп-ахлак нормалары, каада-салттары, үрп-адаттары менен эле жашап келген. Анткени ата-бабаларыбыз карманган жол шариатка каршы келбейт, тескерисинче, кээ бир исламдын элементтерин көркүнө чыгарып турат. Динге жамынып, араб маданиятын жайылтууга же улутчулдукка жамынып ислам динин четке сүрүүгө болбойт. Салттуу дин улуттук каада-салттарыбызды четке какпайт.          Андыктан, “Дин маданиятынын тарыхы” сабагы аркылуу балдарга мектепти бүткөнгө чейин эле улуттук жана диний баалуулуктар окутулуп, мамлекеттин көзөмөлүндө билимдүү, өз жерин аздектеген, өз улутун сүйгөн, анын тутунган баалуулуктарын барктаган, адеп-ахлагы бийик жаңы муунду тарбиялоого зор таасирин тийгизет деген ойдобуз.  Балдар кайсы жерге барбасын, өзүнүн улуттук жана диний баалуулуктарын жоготуп алуу коркунучтарына бөгөт коюлат деп ишенем.