Доклад Касмамбетова С.С.

Билими бар миңди жыгат, билими жок кимди жыгат.

Кезинде улуу ойчул Папандреу минтип айткан экен: “Өлкөң бай болуп, элиң билимсиз болсо ‒ жаман. Өлкөң бай болуп, элиң билимдүү болсо ‒ жакшы. Өлкөң жарды болуп, элиң билимдүү болсо ‒ ага деле чыдоого болот. Ал эми өлкөң жарды болуп, элиң билимсиз болсо ‒ андан өткөн кордук жок!”. Калетсиз сөз. Андыктан ар бир кыргыз жараны жеке өзүнүн акыл-парасат деңгээлин көтөрүү аракетин токтоосуздан жасашы керек.

         Дагы бир мисал. Түштүк Африканын эң ири окуу жайларынын бири Стелленбосс университетинин кире беришиндеги тактада минтип жазылган экен: “Тигил же бул улутту жок кылуу үчүн атом бомбасы менен сокку уруунун кажети деле жок. Болгону, билим берүүнүн сапатын жоготуу эле жетиштүү. Дал ушундай жол менен окууну бүткөн дарыгерлердин колунан бейтаптар ажал табат. Дал ушундай инженерлер курган имараттар кыйроого учурайт. Дал ушундай экономисттердин айынан казына толбойт. Дал ушундай соттор адилет чечим чыгара албайт. Ошентип, билим берүү тармагынын кыйрашы эле улуттун жоголушуна алып келет!”. Кандай гана таасын сөз! Биздин өлкө билим берүүдөгү жогорудагы көрсөтүлгөн процессти өз башынан өткөрүп жатканын моюнга алышы шарт.

         Бул жазуунун илингенине 82 жылдын жүзү болуптур, ошондон бери биз үчүн баштапкы маанисин жоготкон жок. Ал айрыкча Кыргызстандын билим берүү тармагынын азыркы абалын астыртадан каңкуулап тургансыйт.

         Ушул тапта билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурула баштаганы ‒ жакшы жөрөлгө. Кыргызстанда эң көп каражат билим берүү тармагына бөлүнөт. Ал орто эсеп менен ички дүң өнүмдүн 7 пайызын же мамлекеттик

бюджеттин 23 пайызын түзөт. Мисалы, ал 2021-жылы дээрлик 40 млрд сомго чейин жетти.

          Билим берүү эң ири тармак, тагыраак айтканда, ага 1 млн 600 миңден ашуун адам тартылган. Бул ‒ зор күч. Билимдүү адам ‒ биздин эң башкы байлыгыбыз. Ансыз ааламдашуу доорундагы адамзат болочогун элестетүү мүмкүн эмес. Алдыда эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен, билим берүүнүн алдыңкы усулдарын тездик менен өздөштүрүү, аны жаңы сапаттык деңгээлге көтөрүү милдети турат.

Жаштар өлкөнүн башкы таянычы

         Мына ушул Оштун чеке-белиндеги Төлөйкан айылынын кулуну, таланттуу акын Жолон Мамытовдун чыгармаларын жакшы билебиз жана сүйүп окуйбуз. Өзгөчө Жолондун бир ырын окурман журт эле эмес, заманыбыздын залкар жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбеков такай жатка айтып жүргөнүнө күбө болгонмун: “Ата Журт кыйын күнгө кабылганда, Айлансын ар бир уулуң чагылганга!”, ‒ деген керез калтырыптыр маркум агабыз.

         Анысы кандай, калкыбыздын 18 пайызын жаштар түзөт, башкача айтканда, бизде 14-28 жаштагы 1 млн 18 миң адам бар. Кезинде ыр түрүндөгү Жолон Мамытов ыроологон жогоруда мисал келтирген тилекти Президентибиз Садыр Жапаров дагы андан ары улап: “Жаштар ‒ элдин үмүтү жана ишеничи. Жаштар ‒ эң негизги жана бөксөргүс байлыгыбыз” деп баса белгилегени баарыбызга маалым.

         Түрк элинин кеменгер жол башчысы, кемелине келип, баралына жетип турган Мустафа Кемал Ататүрк 1921-1927-жылдар аралыгында 17-31 жашка чейинки 11 млн улан-кызды Европанын мыкты окуу жайларына жиберген экен. Алардын алдында: “Окугула, билим алгыла, бирок кайра кайтып келип иштеп бересиңер”, – деген бир шарт коюптур. Ошентип, ал билимдүү жаштардын көмөгү менен 16 жыл аралыгында илим-билими өнүккөн жаңы Түркия мамлекетин курууга жетишти.

         Мамлекеттин жаштарга өзгөчө көңүл буруп, алардын келечегине кам көрүп жатканы бекеринен эмес. Жаштар ‒ өлкөнүн башкы таянычы. Кыргызстандын бакубат келечеги ­‒ дени сак, акылы тунук, ак-караны ажырата билген, ар-намыстуу, улууну урматтап, кичүүнү сыйлай билген жаштардын колунда. Ошондуктан, мамлекет аларга илгери үмүт байлап, зор ишеним артылууда.

         Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жакында “Эл үмүтү” аттуу эл аралык стипендиялардын жаңы программасын ачуу боюнча жарлыгын чыгарды. Ошентип, ал программада дүйнөнүн алдыңкы жүз

университетинин магистратура жана докторантура багытына өткөн жаштарыбыз үчүн атайын стипендиялар каралды.           Ошондой эле, Президенттибиздин тапшырмасы менен Министрлер Кабинети дүйнөнүн алдыңкы университеттери менен эки тараптуу максаттуу келишимдерди иштеп чыгууга киришти. Ал окуу жайларга да биздин жигерлүү студенттер жөнөтүлөт.