Доклад Борубашева Б.И.

          Академиянын жалпы жамаатына, элдин көкүрөгүнө уюган улуттук нарктуулукту кайра калыбына келтирүүгө багытталган мындай иш-чараны уюштуруп, өткөрүп жатканы үчүн ыраазычылык билдирем.

         Кыргыз Республикасы эгемендүүлүккө ээ болуп, көз карандысыз, унитардык, демократиялык өз алдынча мамлекет катары дүйнөнүн картасынан орун алганына отуз жылдан ашты.

         Элибиз өткөн мезгил ичинде өтө көп ийгиликтерге жетише алды. Алсак, жаңы глобалдык техникаларды, билим жаатында технологияларды өздөштүрдүк. Акыркы жылдары санариптештирүү жаатында бир катар маселелер чечилди, атап айтканда, товар айландыруу санариптик чөйрөгө өттү, түрдүү социалдык долбоорлор ишке киргизилди. Бирок бул башталышы гана, алдыда дагы көп иштер турат. Санариптешүү өлкөнүн социалдык турмушу үчүн гана маанилүү эмес, ал көптөгөн актуалдуу маселелерди – дүйнөлүк экономикалык жана социалдык процесстерди интеграциялоону, коррупция менен күрөшүүдө көйгөйлөрдү чечет. Албетте, өлкөбүз мезгил агымы менен кадам таштап,  өнүгүүдө башка мамлекеттерден артта калып калбоосу керек. Ушундай ааламдашуу жана жаңы технологиялар шартында улуттук өзгөчөлүктү сактоого жана өнүктүрүүгө, мыйзамдуулук жана адилеттүүлүк принциптерине негизделген салттуу коомду түзүүгө, салт-санаабызды, үрп-адатыбызды жандандырып, өзүбүздүн улуттук кийимдерди, каада-салттарыбызды кастарлап, нукура элдик кызыкчылыктарды көздөөгө мезгил келди.

Жаны технологиялардын өнүгүшү менен ааламдашуунун чеӊгээлине кирип, өзөгүбүздү жана тамырыбызды жоготуп албашыбыз үчүн Президентибиз С.Н.Жапаровдун жарлыгы менен кыргыз элинин турмушунда

жакшы бир өзгөрүүнүн желаргысы согуп, руханий турмушунда жаңы көч башталып, нарк форумдары жети дубаныбыздын ар биринде өтүп, андан ары нарк кербени сапарын Ички иштер министрлигинин окуу жайында улантып жатканы кубандырбай койбойт.          Азыркыдай ааламдашуу доорунда жамы адамзат өнүгүүсүнөн четте калбай, аларды өздөштүрүү менен бирге нечендеген кылымдын сыноосунан тайгылбай өткөн улуттук өзгөчөлүгүбүздү, салт-санаабызды, руханий баалуулуктарыбызды, улуттук наркыбызды сактоо менен бул дүйнөдө өзүбүздүн татыктуу ордубузду табууга тийишпиз. Өткөндөн сабак алып, келечекке ишенимдүү кадам шилтейли.