Доклад Бийбосунова А.К.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин атынан, коомдогу маанилүү темага арналган бул  иш-чарада  сиздер менен жолугушканыма  кубанычтамын.  

Кыргыздар ар дайым улутун, тилин, дилин, наркын бузбай сактап келген эл. Улуттук нарк-бизди башка улуттардан айырмалап турган эң негизги өзгөчөлүгүбүз,элдин руханий маданиятынын курамдык бөлүгү, ал өзгөчө идеялардын жана туруктуу элдик эрежелердин негизинде калыптанат. Кыргыз элинин улуттук наркы кыйыры учсуз кылымдарды, мерчеми түпсүз мезгилдерди артка таштап, келечектен үмүтүн үзбөй канат байлап, өмүр-өлүм, жашоо-тиричилик кагышып үзөңгүлөш жүргөн не бир татаал учурларды баштан өткөрүп, келечек урпактарынын камын көрүп, болочогун боолгоп келген ата-бабаларыбыздын бизге-улам кийинки муунга таберик калтырган мурасы. Улуттук нарк – мекенчилдикти, атуулдукту тарбиялоонун булагы.

Акыркы жылдары ааламдашуу, модернизация түшүнүктөрүн жашообузда көп учуратып калдык.  Кыргыз эли бир нече жылдар мурун улуттук каада-салттар, улуттук оюндар, мейман күтүү, маек куруу сыяктуу салттуу маданиятка басым жасап келишсе, ал эми бүгүнкү күндө мындай көрүнүштөрдү сейрек кездештирүүгө болот. Анткени ааламдашуунун таасири менен батыштын маданияты калк арасына кирди. Ааламдашуу процессине баш ийген заманбап дүйнөдө радикалдуу маданий өзгөрүүлөр тездик менен жүрүп жатат. Эгерде алдын ала таасирдүү сактык жана коргоо чараларын көрбөсөк, цивилизациялык нарк-дөөлөттөр глобалдашуунун кубаттуу толкундары астында күм-жам болуп көмүлүп калуу коркунучу да жок эмес.

“Улуттук нарк – ааламдашуу менен санариптештирүүгө карабастан, кадыр-баркты жана ар-намысты, айкөлдүктү жана адилеттүүлүктү, абийирди,

боорукердикти сактаган жана талыкпай эмгектенген көчмөн жоокердин улуу мыйзамы. Кыргызстанды өнүктүрүү үчүн биз руханий жактан өнүккөн, билим деңгээли жогору, элибиздин тарыхын мыкты билген, башка элдин наркын, үй-бүлөлүк баалуулуктарын жана ишенимдерин сыйлаган, этностор аралык мамилелерди урматтаган, башка тилдерди билген, тышкы жана ички чакырыктарга туруктуу болгон кыргызстандык жаранды тарбиялашыбыз керек», — деп жазылган улуттук программада.

Андыктан, элдик нарктуулук эрежелерин карманган,  кыргыз элинин каада-салттарын, үрп-адаттарын, ырым-жырымдарын билген, аны светтик баалуулуктар менен айкалыштыра алган нарктуу  инсанды тарбиялоодо,    руханий адеп-ахлактык тарбия берүүдө, алардын билим алуусунда билим берүү уюмдарынын, үй-бүлөнүн жана мамлекеттин күчтөрүн бириктирүү зарыл экени ачык-айкын болуп турат.

Жаш муундун интеллектуалдык жөндөмдүүлүгүнө гана эмес, алардын жарандык, руханий жана маданий жактан коомдо активдүү болуусу, социалдык жоопкерчиликтүү, өзүнүн инсандык дареметин ишке ашырууга жөндөмдүү   болуусуна дагы көңүл буруу керек.

Бүгүнкү күндө инсанды калыптандырууда билим берүү системасы алдыңкы орунда турарын эске алып, ар кандай билим берүү программаларын ишке ашырууда жаштардын руханий жана адеп-ахлактык баалуулуктарын калыптандырууга өзгөчө көңүл буруу зарыл. Ошондуктан, бүгүнкү форум өлкөнүн эң негизги ресурсу катары салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктарды жайылтуу, коомдун нарктуу өкүлүн жана нарктуу мамлекеттик кызматчысын калыптандырарына аз да болсо өз салымын кошоруна ишенем. Форумдун ишине ийгилик каалайм.