Доклад Бекболотова Б.А.

Саламатсыздарбы урматтуу бүгүнкү “Нарктуу коом-улуттун жүзү” аттуу форумдун катышуучулары!

Биринчиден, бүгүнкү иш-чаранын уюштуруучуларына чын жүрөктөн ыраазычылык билдирүүгө жана ошол эле учурда катышууга мүмкүнчүлүк берген Ички иштер министрлигинин  Академиясынын жетекчилигине ыраазычылык билдирүүгө уруксат этиңиздер.

          Кыргыз наркы – нечен жоболоңдон сакталып, жоголуп кеткиче жомокко айланып, эненин  эмчек сүтүнө сиңип, бешик башына тумар болуп тагылып, термелген сайын бешик күүсүнүн ыргагына көөшүгөн улуулук. Нарктын негизин байыркы мезгилден бери жашоо кечирип келе жаткан түпкү жана негизги калктын дүйнө таанымы, тутунган ишеними түзөт.

         Республикабыздын Президенти С.Н.Жапаровдун 2022-жылдын 20-майындагы “Улуттук нарк тууралуу” Жарлыгы чыгып, аны турмушка ашыруу боюнча Нарк концепциясы иштелип чыгып, атайын улуттук программанын бекитилиши кыргыз журтунун ат көтөргүс наркын мурдагылардан өткөрүп алып, кийинкилерге өткөрүп берүү үчүн болгон аракети десек жаңылышпайбыз. Мындай жагымдуу шарт, менин оюмча бир дагы өлкөдө жок деп ойлойм. Ошондуктан, кыргызды кыргыз кылып кыл чайнаша кырчылдашкан кыйын кезеңден сууруп чыгып, бүгүнкү күнгө жеткирген кыргыз наркын, нарктуулук маданиятыбызды каймактай калпып,  майдай чогултуп, жаштарыбыздан тартып улуу муунга чейин кулагына кумдай куюп, таанытуу биздин милдет.

         Мына ушундай багыттагы бүгүнкү өткөрүлүп жаткан форум дүйнөлүк ар кандай чакырыктар баш көтөрүп, көптөгөн экологиялык жана техногендик коркунучтар күч алган азыркы заманда кыргыз эли өз жүзүн жоготпой, нукура

улуттук салт-санаасы, улуттук нарк-насили, ата-баба табериги менен сакталып калуусуна аз да болсо салымын кошот деген ишеничтемин.  Улутка уңгу болгон ата-бабаларыбыздын мурастарын талкалап-тепселебестен аларды аздектеп, улуттук өзгөчөлүктөрүнө баа берип, коргой билишибиз керек.