Доклад Абитова Т.Т.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясынын жалпы жамаатынын атынан “Нарктуу коом-улуттун жүзү” аттуу форумга келип бергениңиздерге чын дилимден ыраазычылыгымды билдирем.

Улуттук нарк кылымдар бою мезгил сынынан өтүп, заман талабына жараша улам толукталып, улам бекемделип жүрүп отурган. Тээ Манас атанын доорунда эле жаралып, азыркы учурга чейин өз маанисин жоготпой келе жаткан “Кан бийлигинен калкы күткөн нар күчтүү”, “Эрден өтмөк бар – элден өтмөк жок” деген өңдүү накыл сөздөр улуттук нарк-насилдин таасири эң жогорку деңгээлге чейин көтөрүлгөнүн көрсөтүп турат.

Кыргыз эли этнос болуп калыптангандан бери ар кандай кыйын жолдорду басып отуруп, улутту улут катары тааныта турган өзгөчөлүктөрүнөн, улуттук баалуулуктарынан убактылуу четтетилип, ар кандай кысымдарга да учурап келген. А бирок тээ ата – бабалардан бери келе жаткан, элдин аң-сезимине, кан-жанына сиңип калган улуттук касиеттерди түп тамырынан жулуп, элден биротоло ажыратып салуу албетте мүмкүн эмес. Анткени, улуттук өзгөчөлүктөр улуттун жүрөгүндө, рух дүйнөсүндө дайыма жашап, ыңгайлуу шарт келгенче элдин

аң – сезиминде сакталып кала берген. Анын сыңары элди ар тараптан кысымга алып, өзүнүн идеологиясын жүргүзгөн советтик доордун күнү бүткөндөн

кийин, ар бир улут, ар бир эл тарыхтан өз түп башатын издеп, улуттук баалуулуктарына маани бере баштады.

Ааламдашуу жана жаңы технологиялар шартында улуттук өзгөчөлүктү сактоо жана өнүктүрүү, мыйзамдуулук жана адилеттүүлүк принциптерине негизделген салттуу коомду түзүү биз үчүн эң маанилүү милдет.

Өз элин сүйгөн, анын бакубат келечегине ишенген, ички дүйнөсү бай, турмуш каатчылыгына туруштук бере алган уул-кыздарды тарбиялап, аларга өткөндү мактап, кылган иштерди даңазалап, тарых барактарына кайра-кайра көчүрүп жазып, эскини эстетип, келечекке кам көрүү мезгили келди.

 Ар бир улут, ар бир эл өзүн кылымдардан кылымга улут катары, эл катары сактап кала бериши үчүн тарыхтан өзүнүн түп башатын издеп, улуттук өзгөчөлүктөрүнө баа берип, коргой билиши керек. Азыркы рынок жана ааламдашуу мезгилинде руханий байлыктан да материалдык байлыкты баалагандар, өз этномаданиятыбызды чанып, чет элдин маданиятын туурагандар көбөйүп бараткан коомубузда улут жана улуттук маданий өзгөчөлүктөр тууралуу маселелер абдан актуалдуу болуп жатат десек жаңылышпайбыз. Демек, мамлекет башчыбыздын көрсөтмөсү менен башталган нарк багытына баарыбыз жапа тырмак биригип, элибиздин кылымдардан бери келе жаткан рухий мурасы катары саналып, башка улуттардан айрымалап, турмушубузга көрк берип, жаш жеткинчектерди тарбиялоодо өз салымын кошуп келе жаткан улуттук наркыбыз  тууралуу уюштурулган бул иш-чара улут коопсуздугун камсыздоого аз да болсо салымын кошот деп ишенем.