Доклад Абдырахманова Т.А.

Хан бийлигинен нарк артык

Кыргыз Республикасынын Президентинин инаугурациясынан кийин алгачкы “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” жарлыгы болуп, аны менен улуттун баалуулугун сактап калуу  болгон. Улуттук нарк – биздин элдин миң жылдык тарыхын, элдин сакталышынын жана өнүгүүсүнүн чыныгы себептерин жана шарттарын бекемдейт. Байыркы мезгилден бүгүнкү күнгө чейин кыргыз элинде “Хан бийлигинен нарк артык” деген сөздү айтып келишкен, төрт сөздөн сүйлөмдүн маани-маңызы, салмагы оор экенин билсек болот. Улуттук нарк-кыргыз эли пайда болгондон баштап бүгүнкү күнгө чейинки жашоосундагы туура жашоо мыйзамы экенин билебиз. Жогоруда айтылга сөздүн маанисине көз чаптыра турган болсок мамлекеттүүлүк оңой менен келбейт, келсе улуттук деңгээлде трагедия жана эмгекти талап кылат. Ал эми биз билген нарк оңой менен кетпейт, ал улуттун каны менен сиңишип калыптанган. Нарк кетсе келиши мүмкүн эмес, андыктан биздин ата-бабаларыбыздын айткандары боюнча эгемендүү мамлекет менен улуттук нарктын кайсынысын сактап калуу маселеси карала турган болсо, улуттук наркты тандашкандыгы талашсыз. Нарк деген бир улуттун каада-салты, тарыхы, ырым-жырымы, маданияты, көнүмүш адаттары, керек болсо улуттун жашоосу десек болот. 

Бүгүнкү күндөгү коомчулукта улуттук нарктын жетишсиздиги улуу муун өкүлдөрүнө аттын кашкасындай көрүнүп тургандыгы байма-бай айтылып келет. Чынында каада-салт, тарых, үрп-адат, маданият, ошондой эле тил маселесине келгенде бүгүнкү коомдун кайдыгерлигин баарыбыз байкап турабыз. Чынында улуттук баалуулук деп-кыргыз элинин жашоо турмушунун жазылбаган мыйзамдары, мисалы: “Улууга урмат, кичүүгө ызат”, “Керегем сага айтам, келиним сен ук, уугум сага айтам, уулум сен ук” деген сыяктуу накыл сөздөрдүн маани-маңызын түшүнүү менен бүгүнкү күндө да  колдонуп келебиз. Тарыхыбызга көз чаптыра турган болсок кыргыз этнониминин эскерилиши менен бүгүнкү күнгө чейинки басып өткөн жолубуздагы калптанган наркыбыздын орду чоң. Улуттук нарк адам төрөлгөндөн тарта кайтыш болгонго чейинки аралыкта ырым-жырымдарды кантип колдонгондорун жана кандай каада-салт менен жашоону сүрүш экени калптанган. Мисалы: бала төрөлгөндө ат коюу, тушоо кесүү, бир аз чоңойгондо сүннөткө отургузуу, үйлөнтүп же болбосо турмушка берүү жана акыркы сапарга узатуу да нарктын негизинде жүрөт. Улуттук наркыбыздагы каада-салт, үрп-адат жана ырым-жырымдардын ичинен кылымдар бою калптанып келген үрп-адат жөнүндө чечмелей турган болсок, үрп деген бул-“үрптү билген жигит айттырбай туруп келген коноктун атын алып, ээр-токумун, жүгөнүн шыпырып, буттарын тушап, жайлоого чыгарат”, “үрптү билген бала ата-энесинин ортосуна сүзүп сөз сүйлөбөйт”, “үрптү билген кыз-бала айттырбай иш баштайт” ал эми адатта “Боз үйдү дөңчөгө тигет”, “Адатта сууну өйдөдөн кечпейт”,  “Адатта улууну төргө чыгарат”,  “Адатта сыйлуу устаканды кадырлуу, сыйлуу улууга узатат” ошондой эле кыргыздын каада-салтында ата-баласына, баласы атасы үчүн жооптуу экенин, биздин наркта аябай көңүл бурулат, буга бир мисал “Жамандын атасын төө үстүнөн ит кабат” дейт, атасын сыйлай албаган бала коомдун ийриси экенин, мамлекеттин алсыздыгы деп кыргыз наркында таамай белгиленип келген, ошондой эле “Баласы жакшы чыкса атасын төргө жетелейт, баласы жаман чыкса көргө сүйрөйт дешкен” бул кандай таамай айтылган сөз, ошондой эле “Эр жигит эл четинде, жоо бетинде” наркын билбеген эл эгемендүүлүктөн кол жуушат дешкен.   Жогоруда айтылып кеткендер кыргыз элинин жашоосунда улуу муундардын арасында колдонулуп келүүдө. Эгемендүү өлкөбүздү сактап калуу бир гана улуттук наркты бекем тутушубуз керек экенин,  кантип жана кандай жол менен иш алып барышыбыз керектигин бизге чейинки ата-бабаларыбыз көрсөтүп, калтырып кеткен. Күнүмдүк жашоодогу каада-салтты, ырым-жырымдарды, макал-лакаптарды жана ошондой эле кыргыз тарыхыбызды билүүбүз кажет.