2022 – жылдын 4-июнунда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясын 10 жыл мурда аяктаган курсанттардын жолугушуусу болуп өттү.

Иш-чара ИИМдин Академиясынын “Бүтүрүүчүлөр аллеясына” бак отургузуу менен башталды. Андан соң, чоң жыйындар залында биринчи курстун курсанттары менен жолугушуу болуп өтүп, жолугушууда ИИМдин Академиясынын ардагерлер кеңешинин төрагасы милициянын отставкадагы полковниги Төлөгөн Илимгазиев сөз сүйлөп, келген конокторго ыраазычылыгын билдирип, алардын он жылдык мааракеси менен куттуктап өттү.

Келген коноктор окуу жайды 10 жыл мурун бүтүрүп кеткен бүтүрүүчүлөөрдүн атынан ИИМдин Академиясына чакан белегин тапшырышып, курсанттар менен баарлашып, аларды кызыктырган суроолоруна да жооп беришти.  

Ал эми ИИМдин Академиясынын биринчи курсунун курсанттары келген конокторду 10 жылдык мааракеси менен куттукташып, чакан белегин тапшырышты. Андан соң, мааракенин ээлери ИИМдин Академиясынын ичи менен таанышышып, музейинде да болуп кайтышты. 2012-жылкы Академиянын бүтүрүүчүлөрүнүн атынын биринчи  курстун куранттарына майрамдык түштөнүү да уюштурулду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *