Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата 2019-жылдын 25-сентябрында “Кыргыз Республикасынын ИИОдо мамлекеттик тилди өнүктүрүү” деген темада илимий-практикалык конференциясын өткөрдү Печать
Автор: abaevna   
16.10.2019 03:13

Конференциянын ишине Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Бишкек шаардык ички иштер органдарынын, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын, жогорку окуу жайларынын профессордук-окутуучулук курамынын (Кыргыз улуттук университети, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы, Билим берүүдөгү заманбап информациялык технологиялар институту), Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын жана Атайын орто мектебинин профессордук-окутуучулук курамынын, массалык-маалымат каражаттарынын кызматкерлери катышышты.

alt

Илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Ички иштер органдарынын системасында Мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселелери жана аны окутуунун көйгөйлөрү, жагдайлары, ар түрдүү себептери талкууланып, ички иштер органдарында иш кагаздарын Мамлекеттик тилде жүргүзүү иштери каралып, тилдин өнүгүшү боюнча аткарылуучу иш-мерчемдер сунушталды.

alt

 

 

Обновлено 16.10.2019 03:39