Амантайдын эрдиги Печать
Автор: abaevna   
12.02.2020 04:16

        Россия мамлекетинин ИИМнинСанк-Петербургдагы университетинин Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин кызматтык ишмердүүлүгүнүн психологиясы багыты боюнча билим алып жаткан 5-курсунун курсанты Рахатов Амантай Рахатович Кыргыз Республикасынын ИИМнин Академиясында дипломдук практикасын өтүп жатып, 31-декабрда травматтык тапанча менен куралданган кылмышкерди кармап  Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБне өткөрүп берген.

alt

Ал гана эмес, 10-13 октябрда  спорттун бокс түрү боюнча "Челенджер" спорт клубу өткөргөн Бишкек шаарынын чемпионатында 1-орунду, 29-декабрда Кыргыз Улуттук Университети өткөргөн ачык турнирде да биринчи орунга ээ болгон. Амантай жакында окуусун ийгиликтүү аяктап Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катарын толуктамакчы.