ИИМдин Академиясына пресс - тур уюштурулду. Печать
Автор: abaevna   
13.12.2019 16:33
2019-жылдын 13-декабрында КР Ички иштер министринин орун басары милициянын полковниги А.Орозалиев, ИИМдин ЖКККББнын орун басары милициянын полковниги Н.Сатыбалдиев, ММК өкүлдөрү менен бирге  милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлеринин окуу процесси менен таанышуу максатында ИИМдин Академиясына келишти.
 
 
alt
 
 
 
Катышуучулар окуу жана атайын класстарда өтүп жаткан сабактарга киришип, спорт залдагы күжүрмөн даярдыктар, ок атуу боюнча практикалык сабактардын жүрүшү менен таанышышты. Ошондой эле криминалистика полигонунда  өтүп жаткан лекцияга катышып,  курал – жарак музейиндеболушуп ,    патрульдук милициянын атайын жабдылган автоунаасы жана жол кыймылын жөнгө салуу  боюнча сабактардын жүрүшүнө күбө болушту.
КРнын ИИМдин Академиясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-февралындагы №11-р буюрмасы менен бекитилген, 2019-2020-жылга Бишкек шаарында  пилоттук долбоордун  чегинде түзүү боюнча иш-чараларынын планын аткаруу максатында МККБнын кызматкерлерин окутуп жатат.
Бишкек шаарында пилоттук долбоордун чегинде  Милициянын кайгуул  кызматы  башкармалыгын түзүү жана алардын кызматкерлерин сапаттуу окутуу үчүн мамлекет башчысы тарабынан жана ошондой эле Ички иштер министрлиги тарабынан өзгөчө көңүл бурулган.
Сынактык тандоонун  экинчи этабына дагы ошол эле комиссиянын өкүлдөрү, төрагасы Т.Ибраимов – ИИОнун бөлүмдөрүн реформалоо боюнча    эксперттик жумушчу топтун башчысы, комиссиянын курамында көз карандысыз эксперт А.Ж.Акинеев, “За реформы  и результат” Жарандык союзунун Координациялык кеңешинин мүчөсү Ф.Т.Шайхутдинов, “Тилектеш Аттуул” коомдук уюмунун жетекчиси Р.А.Ильясов жана “Жол коопсуздугу” коомдук уюмунун жетекчиси  Ч.С.Касмамбетова, “Борбор Азиядагы кылмыштуу жол менен келген кирешелерди адалдаштыруу жана коррупция көйгөйлөрүн изилдөө институту”  коомдук фондунун башчысы Э.Ж.Мамбеталиева,  “Жарандык союз” коомдук бирикмесинин башчысы У.А.Казакбаев тартылган.
2019-жылыдын 22-июлунан 1-октябрына чейин кайрадан түзүлгөн милициянын кайгуул к кызматынын кызматкерлери окуудан өткөрүлүп,  279 угуучунун ичининен 261 талапкер окууну ийгиликтүү аякташты. 2019-жылдын 7-октябрынан бери  сынактын  экинчи турунан өткөн 235 киши окуп жатат.
Милициянын кайгуул кызматынын кызматкелрин окутууда чет өлкөнүн, тагыраак айтканда Грузиянын жана Эстониянын алдыңкы тажырыйбалары колдонулуп жатат. Адамдардын укутарын коргоо жана дискриминациянын баардык формалары менен күрөшүү, адамдар менен пикир алышууда кызматкерлердин коммуникативдик көндүмдөрүнө, мамлекет кызматкерлеринин өзүн алып жүрүү  нормаларын  үйрөнүүгө жана ошондой эле, Кыргыз Республиксынын Мыйзамдарына  өзгөчө көңүл бурулган.
Окутууну көзөмөлдөөнүн бардык этаптарында  конкурстук комиссиянын мүчөлөрү – жарандык коомдун өкүлдөрү, активдүү катышып келет.
Азыркы учурда сынактын  экинчи турунан өткөн угуучулар окууну аяктоо алдында турат.
 
alt
 
alt
 
 
alt
 
alt
 
alt
 
alt
 
alt
 
 
 
 
 
 
 
Обновлено 17.12.2019 03:36